Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылындагы мектеп окуучулары эки топ болуп улак тартышты. Оюнда «ылдый жак» тобу жеңишке жетти.

Улакта эки команда ат тартышты. Эки тараптын тең балдары улакты ынтымакта урушпай-талашпай бүтүрүштү. Биз бул оюн тууралуу улакчы балдарды кепке тарттык.

Бекзат Урманбетов:
— Бүгүн Кара-Суу айылында 7-классынын окуучулары экиге бөлүнүп улак тарттык. Ылдый жак жеңип алдык. Мен келечекте элге таанымал улакчы болгум келет.
Беккелди Сманов:
— Биз бүгүн 7-классынын окуучулары экиге бөлүнүп улак тарттык. Биз тилекке каршы утулуп калдык. Анткени ылдый жактын аттары күчтүү болуп, биздин аттар кичинекей болуп утулуп калдык. Улак жакшы өттү. Мен келечекте дүйнөнү дүңгүрөткөн улакчы болгум келет.

Кутман Жекшеналиев:
— Бүгүн бизде, Кара-Сууда мелдеш өттү. Өйдө жак менен ылдый жак улак тартышты. Өйдө жак 2 тай жана 1 кунан минип чыгышты. А ылдый жак болсо 3 чоң ат минип чыгышты. Ошондуктан биз жеңилип калдык.


7-классынын окуучулары чоңойгондо көрүнүктүү улакчы болобуз дешет. Жаштын тилегин берет, демекчи тилегиңерге жеткиле.

Даярдаган: Элзат Джумабаев
Редактор: Азирет Туратбеков
Сынак үчүн