Ак-Талаа районунда окуу жылын эң жакшы көрсөткүчтөр менен аяктаган, “Алтын тамга” аттестатынын ээлери, республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү, жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упайларды камсыз кылышкан окуучуларга жана аралыктан өткөн ар кандай республикалык сынактардын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.
Сыйлык тапшыруу аземине Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Кенже Карагулова, райондук билим берүү бөлумүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев жана ата-энелер катышты.
Сезим Алмазбекова 218 балл алса, Арууке Алмазбекова орус тили сабагы боюнча республикалык олимпиадада биринчи орунду камсыз кылып, КРнын Президентинин Алкыш баракчасы тапшырылды.
Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучу Эрнар Нурланбеков дагы орус тили сабагы боюнча жеңүүчү болгон. Ал эми Эмир Жеңишбеков жана Наима Бакыт кызы (Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучулары) республикалык “Атам, апам жана мен” китеп окуу сынагында байгелүү орундарды камсыз кылып, уюштуруучулардын диплом жана акчалай сыйлыктарына ээ болушту.
Мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Нургул Макелееванын айтымында мугалимдер окуучуларды республикалык олимпиадага кырдаалга байланыштуу аралыктан даярдашты. Ар кандай методикалык жардамдарды беришти.
Ал эми Сайкал Качыкеева: “ Бул сынактын жобосу 4-чейректе карантин маалында келди. Сынакка уулум Эмир менен чогуу видео даярдап кетиргенбиз. Жобого ылайык өзүбүз каалаган эле бир чыгарманы окуп, эссе жазып, андан соң 3 минуттук видеоролик даярдадык. Жыйынтыгында жеңүүчү болгонбуз. Сертификаттары кырдаалга байланыштуу эми алдык” дейт.
Салтанатта мыкты окуучулардын ата-энелерине дагы ыраазычылык кат тапшырылды.
Ак-Талаада бүтүрүүчүлөр республикалык тестирлөөдө жогорку упайларды алышты
Барчын Мамытбекова