Ак-Талаа районунда жергиликтүү бийликтин, билим берүү тармагынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн жана ата-энелердин катышуусу менен 18 мектептин бүтүрүүчүлөрүнө арналган салтанаттуу жыйын өттү. Жыйныга окуучулар кызыл килем үстүндө келишти.
Кече райондук маданият үйүндө өтүп, жыл ичинде аталган тармактагы окуучулардын ийгиликтери тууралуу айтылды.
Билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Эсеналиев:
— Бүгүн мына 11 жыл билим алып, эч нерседен бейкапар бактылуу күндөрдүн ээси болдуңар. Бирок сиздер менен бирге бир канча мезгилден кийин элге кызмат кылган, элим-жерим деген патриот, билимдүү инсан катары жолугабыз деп ишенем. Сиздерге ак жол каалайм.
Ал эми ата-энелер да бардык бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, жакшы тилектерин билдиришти.


Андан соң бүтүрүүчүлөргө аттестаттары тапшырылды. Жыйын бүтүрүүчүлөргө арналган концерттик программа менен коштолду.

Сынак үчүн даярдаган: Кубанычбекова Эльвира