Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу Чолок-Кайың айылынын жашоочулары айылдашы Мухабатбек Календеровго чоң үй куруп беришүүдө. Мухабатбектин жана жубайы экөөнүн тең ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, 2-топтогу майыптар. 4 баласы бар.

М. Календеровго курулуп жаткан үйдүн көрүнүшү

М.Календеровдун айылдаштары иш үстүндө

Айыл өкмөт башчысы Гүлмайрам Учугенованын айтымында жубайлардын социалдык абалы оор:
«Авариялык абалдагы үйдө жашашчу. Өкмөт тарабынан ар кандай гуманитардык жардамдар көрсөтүлүп турат. Ал эми былтыр айыл тургундары өздөрү демилге кылып майда жандык сатып беришсе, быйыл үйлүү болду. Айылдаштары каражатты өздөрү чогултуп, курулуш материалдарын дагы өздөрү сатып келишкен.

Артта М.Календеровдун эски үйү

Курман айт күнү чатыры жабылды
Мухабатбектин туугандары жана айыл тургундары демилгелеп, эки жылдан бери колунан келген каражаттарды чогултушуп, үйүн салып беришти. Курман айт күнү үйдүн чатырын жаап, курулуш иштерин бүткөрүштү. Буюрса жакында төрт кичине баласы менен жаңы үйгө кирет»-дейт Гүлмайрам Учугенова.
84 жаштагы жалгыз бой карыяга айыл эли пандемия убагында үйүн ремонттон өткөрүп жаңылап беришти
Барчын Мамытбекова