«Бир айлык тапкан кирешемдин кайда короп жатканын билбей калам» — Бул көпчүлүк адамдар кеңири колдонгон фраза. Каржылык сабаттуулуктагы эң маанилүү иш-аракет чыгашалардын кирешелерден аз болуусу. Алдыдагы ыкманы өздөштүрүп, бир айлык бюджетиңизге баам салыңыз.
Көпчүлүк адамдар ири суммадагы сатып алууларда гана үнөмдөп, майда суммадагы акча коротууларга маани бербейт. Ал эми майда чыгымдар – акча чогултуунун башкы душманы. Ишенбесеңиз бул мисалга көз жүгүртүңүз.
Мисалы, сиздин бир айлык кирешеңиз 20 миң сом. Ал эми 1000 сомго кафеге баруу сиздин бюджетке олуттуу таасирин тийгизеби? Бул анын 1/20 бөлүгү эмеспи.
Эгерде сиз батирдин бир айлык ижара акысы үчүн 10 миң сом төлөй турган болсоңуз, сиздин колуңузда кирешеңиздин жарым суммасы гана калат. Анын 1500 сом коммуналдык төлөмдөргө, дагы 1500 сомун транспорт чыгымдарына, жалпы кирешенин 10% (2000 сом) чогултууну максат кылсаңыз, колуңузда бир айлык жашоо үчүн 5000 сом калат.
Бул сумманы 1 айга пландай келгенде ар бир күнүңүзгө 161 сомдон бөлүнөт. Бирок, сиз бул суммадан көбүрөөк корото турган болсоңуз, бюджетиңизге терс таасирин тийгизесиз. Көрсө, 1000 сом коротуп кафеге баруу мүмкүн. Бирок, ал үчүн сиз 5 күндүк каржыңызды коротуп жатасыз.
Ийгиликтүү бюджетти түзүүдө адистер «майда чыгымдар» деген түшүнүктө жашабоо керек экендигин эскертишет. Майда чыгымдар максатыңызга жетүүгө канчалык тоскоол болуп жаткандыгын өзүңүздүн бир айлык бюджетиңизге байкоо салуу менен күбө боло аласыз. Бул америкалыктар арасында популярдуу болгон бюджеттик таблица. Ал сиздин туруктуу кирешеңизге жана чыгашаңызга жараша бүгүн канча корото алаарыңызды көрсөтөт.
Шилтемени басуу менен сизге анын копиясы сунушталат. Ал жерге бул айдагы кирешеңизди жана кепилденген чыгашаңызды (ижара, насыя төлөмдөрү) киргизиңиз. Биз кирешенин 10% ын чогултуу максатында белгилеп алабыз. Бул сиздин аманаттарыңыз. Сиз кирешеңиздин көлөмүнө жараша аманаттардын пайыздык көрсөткүчүн өз каалооңузга жараша өзгөртө аласыз. Калган сумманы бир айдагы күндөрдүн санына бөлүңүз. Жыйынтыгында сиз бир ай ичинде күн сайын корото турган бир сумма келип чыгат.
Таблицага сиз бардык чыгымдарыңызды жаза аласыз. Ал автоматтык түрдө сиздин кирешеңиздин калган бөлүгүн көрсөтөт. Эгер сумманы аягына чейин коротпосоңуз, ашып калган каражат кийинки күнгө которулат. Эгерде сиз «эсебиңизде» болгондон ашык акча коротсоңуз, анда ал кийинки күндөрдөгү каражатка терс таасирин тийгизет. Демек, ал күндөрдүн акчасын сиз эрте эле коротуп койдуңуз.
Мисалы жогорудагы 1-таблицада 03.10.2021 күнү 161 сом ордуна 1000 сом коротулду. Мындай кадам менен алдыдагы 5 күндүн каражаты дагы короп кетти. Бирок, бул 5 күн үчүн башка күндөрдүн бюджетин колдонбоо керек.
Эгерде айдын аягында сиз эсебиңиздеги суммадан аз акча короткон болсоңуз, анда ашкан сумма киреше катары кийинки айга которулат. Таблицанын артыкчылыгы финансылык мүмкүнчүлүктөр так көрсөтүлгөн жана чыгашаларды көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Анын жардамында жеке жана үй -бүлөлүк бюджетти башкарууга болот.
Касиет Кубанычбек кызы