Кочкор районунун Кара-Тоо айылындагы № 15 кесиптик лицейинде мультимедиа борбору ачылып, анда иштеген кабарчыларга жаңылык жазуу эрежелери боюнча тренинг өтүлдү.
Кара-Тоо мультимедиа борбору долбоор аркылуу ачылып, “Мирбек-Нур” коомдук фонду аткарып жатат. Долбоордун жетекчиси Алмазбек Раев мультимедиа борборду ачуу максаттары тууралуу айтып берди:
“Мультмедиа борборунун ачканыбыздын максаты биздин быйылкы долбоорубуз, жергиликтүү жамааттардын бадалдуу токойлорду сактап калуу боюнча өнүктүрүү долбоору. Ошонун ичинде лицейге мультимедиа борборун ачуу камтылган. Ачканыбыздын себеби, бул жакта окуучулар тажрыйба алып журналист болобу, башка бир тармактарга дагы керектүү, эл менен сүйлөшүү, интервью алуу боюнча окууларды үйрөнүшөт.
Ушул мультимедиа борборунда Кара-Тоо айылы, №15 лицей боюнча жанылыктарды жазып, көз караштарын жана кругозорун кеңейтүү боюнча ушул борбор ачылды. Бул долбоорду ГЭФ-ПРООН колдоп жатат. Бул борборду Эрлан Арунов лицейде мугалим болуп эмгектенген агай жетектейт.»
Эрлан Арунов мультимедиа борборду өнүктүрүү үчүн пландары менен бөлүштү:
“Мультимедиа борборуна толук жабдылышы менен компьютер принтери менен келди, андан сырткары интернет таратуучу роутер, фотоаппарат.
Негизги максатыбыз айылда болуп жаткан жаңылыктарды коомчулукка жарыялоо. №15 кесиптик лицейдин студенттери жана Ш. Абдылдаев атындагы мектебинин окуучулары менен биргеликте иштешет.
Келечекте мультимедиа борборун өнуктүрүү үчүн атайын бизге тартылган студент, окуучулар абдан чоң салым кошушат. Андан сырткары, биз айыл өкмөтү менен дагы биргеликте иш алып баралы деп жатабыз. Анткени, алар тараптан аткарылып жаткан иштер жана коомдук угууларды дагы ушул сайт аркылуу, коомчулукка жайылтсакпы деген оюбуз бар”.
Гүлсайра Сыдыкеева кесиптик лицейде китепканачы болуп иштейт. Мультимедиа борбор жаштардын өнүгүүсү үчүн салым кошот деген ойдо:
“Мультимедиа борборуна болгон көз карашым жакшы. Азыр заман талабына жооп берет. Азыр күндөн күнгө заман талабы өзгөрүп жатпайбы. Жаштарга аябай керектүү нерсе деп ойлойм. Жаштар компьютер билиш керек деп түшүнөм.”
Медина Турдубекова, Исакбек кызы Элзат, Сүйүн Исмаилова