Ак-Талаа районундагы Баетов айылында үйүр жылкысы бар тургундар атайын фонд түзүштү. Фондун негизги максаты кыш мезгилинде малга кол салган карышкырларга уюшкандыкта аңчылык кылуу. Жылкы ээлери ортого ынтымак уюштуруп, фонд үчүн ар бир баш жылкы үчүн бир жолу 100 сомдон акча чогултушат. Фондго чогулган каражаттан карышкыр аткан мергенчиге 20 миң сом акчалай сыйлык берилип турат.
Баетов айыл аймагынын жайыт комитет башчысы Акматов Бактыбектин айтымында жакынкы аралыкта эле 6 карышкыр атылып, мергендер 20миң сомдон өз сыйлыгын алышты. Андан сырткары мамлекет тарабынан да 6 миң сомдон берилет.

Бактыбек Акматов (оңдон биринчи) Баетов айыл аймагынын жайыт комитетинин башчысы мергенчилер менен

Бул демилгелүү иш, жылкы ээлеринин колдоосуна ээ болуп, алар да акча каражатын кошуп жатышат.
Фондго чогулткан акча каражатынын эсебин жүргүзүү, көзөмөлдөө боюнча атайын текшерүү комиссиясы да түзүлүп, мүчөлөрү мал ээлеринин ичинен Жанболот Беделов, Жайлообек Исалиев, Эрнист Молдашыров шайланган.
Барчын Мамытбекова