Ак-Талаа районундагы Бердаалы Календеров атындагы орто мектебинде улуу жазуучу Чыңгыз айтматовдун туулган күнүнө карата “Аалам алпы-Чыңгыз Айтматов деген аталыштагы иш-чаралар жыйынтыкталды.

Бердалы Календеров атындагы орто мектеп
Мектептин тарбия иштерин уюштуруучусу Салтанат Баеванын айтымында пандемиялык кырдаалга байланыштуу иш-чаралар аралыктан өттү. Окуучулар жазуучунун чыгармаларынан чакан көрүнүштөрдү, көркөм окууларды даярдашып, көркөм аны видеого тартып жиберишкен. Ал эми айрымдары каармандардын сүрөттөрүн кагаз бетине түшүрүштү.
“Жазуучунун чыгармалары, каармандары Мекенди сүйүүдө, ага кызмат кылууда, ак менен караны ажыратып билүүдө адамзаты үчүн эбегейсиз мектеп. Демек жазуучунун турмуштук жана чыгармачылык мектеби менен тааныш болгон ар бир окуучу келечек үчун тарбиялык сабак алат” дейт.
Иш-чаранын жыйынтыгында жазуучунун чыгармаларынан тартылган сүрөт сынагында 4-классынын окуучусу Ниязбек уулу Алишердин “Биринчи мугалим” чыгармасы боюнча тарткан эмгеги 1-орунга ээ болгон.

Окуучулардын тарткан сүрөттөрү


Жазуучунун чыгармалары боюнча окуучулардын тарткан сүрөттөрү

Алишер Ниязбек уулунун тарткан сүрөтү
Тест: Айтматов тууралуу эмнелерди билесиз?
Барчын Мамытбекова