Кочкор районундагы Чолпон айылында ата-энелер үчүн «Баланы позитивдүү тарбиялоо» темасында 8-11 декабрь күндөрү, Кочкор райондук Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан, тренинг сабактары өткөрүлдү.
11-декабрь күнү тренинге Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү, социалдык иштер боюнча орун басары Жаркын Ибраева, Кочкор райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Эльмира Сыдыкова жана Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турсунбек Бактыгулов жана ошондой эле айылдык кеңештин төрагалары келип катышышты.
Кочкор райондук Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын начальниги Батырбек Абдымамытов төмөнкүлөргө токтолду:
”Кочкор районунда 2019-жылдын июнь айынан баштап, социалдык кызмат боюнча, атайын Европа биримдигинин долбоору аркылуу иш алып барып жатабыз. Ушул долбоордун алкагына, адегенде Кочкор районундагы 3 айыл өкмөтү кирген. Алар Кочкор, Көк-Жар, Талаа-Булак айыл өкмөттөрү. Кийин иштин жүрүшүндө кызыгуу пайда болуп, акимдин буйругу менен калган 8 айыл өкмөттөрдө дагы, соц кызматтар түзүлө баштады. Иш-чара жакырычылыкты жана үй-бүлөдөгү балдарга карата зордук зомбулукту алдын алуу максатында, социалдык кызмат өтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Мында үй-бүлөлүк тарбиялоо, кары адамдар жана ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен иштөөдөгү, 3 багыт боюнча 3 кызмат көрсөтүлүүдө. Окутуунун максаты болуп, үй-бүлөлүк позитивдик тарбиялоо эсептелинет. Долбоордун алкагында 100 үй-бүлө окуудан өтмөк. Азыркы учурда 50 үй-бүлө окуудан өтүштү. Эми 2 айыл өкмөттүн ата-энелерин дагы окутабыз. Бул жерге райондук айыл кеңештин төрагалары чакыртылган. Себеби, бул долбоор 100 ата-энени окуткандан кийин токтойт. Андан ары улантыш үчүн, жергиликтүү бюджеттен төрагалар каражат бөлүп берсе, калган айыл өкмөттөрдүн дагы ата-энелерин окуудан өткөрөбүз. Мындан ары дагы бул окутуунун кийинки этаптары уланат”
«Биз баланы позитивдүү тарбиялоо темасында 4 күндөн бери, Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинде, ата-энелер үчүн тренинг өтүп жатабыз. Бул окутуубузду “SOS балдар айылдары Кыргызстан”, “Балачак институту” коомдук фонддорунун колдоосу менен, Европа биримдигинин каржылоосунун алкагында, ушул окуу уюштурулган. Бул окууга турмуштук оор кырдаалдагы үй-бүлөлөр, жана балдардын ата-энелери, көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ата-энелери келип катышып жатышат.
Ата-энелерге “Үй-бүлөлүк баалуулуктар”, “Балдарга позитивдүү тарбия берүү”, “Балдарды кабыл алуу жана таануу”, «Стресс жана стресстин түрлөрү, жана андан арылуу”, “Балдарга карата ырайымсыз мамиле эмнеден келип чыгат” деген темалар боюнча сабактар өтүлдү. Ата-энелердин кызыгуусу жакшы.
Үйдө биз балдарга салттуу тарбия беребиз да, бирок турмуш деген алдыга кетип жатат. Турмуш менен кошо балдар дагы өсүүдө. Ал эми ата-эне болсо мурунку эле ордунда калып калууда. Балдар менен тил табышуу, ата-эне менен баланын ортосундагы мамиле, балдар менен болгон коммуникация өтө алсыз болуп калат. Ошонун аркасынан балдар менен ата-эненин ортосунда пикир келишпестиктер пайда болуп, көбөйүп, арты кайгылуу окуялар менен бүткөн окуялар кездешүүдө. Бул жерден бала дагы, ата-эне дагы жабыр тартып калууда. Мындай нерселерди алдын алуу жана ата-энелерди колдоо максатында ушул окутуу уюштурулган».
Чолпон айылынын Тармал-Саз участогунун тургуну Эльмира Айтбосунова:
«Тренинг 4 күн болду. Ата-энелер үчүн абдан пайдалуу болду десем жаңылышпайм. Буга чейин балдарга туура тарбия берип жатабыз деп ойлоп келгенбиз. Бирок, бул окутуудан кийин ойлорум өзгөрүлдү».
Чолпон айылынын тургуну Гүлнара Кенжетаева:
«Бул окутууда абдан жакшы сабактар өткөрүлдү. Көп пайдалуу нерселерди ала алдым десем болот. Бул окуудан кийин мурункуга салыштырмалуу балдарыма жасаган мамилем өзгөрдү. Баланы кантип туура тарбиялоо керектиги тууралуу билдим».
Жумакан Кожомкулова, Перизат Таштанова