Мындай маалыматты “Жаштар курулуш” долбоорунун жетекчиси Азамат Аскарбеков билдирди. Жаштарды иш менен камсыз кылуу, миграцияны алдын алууга салым кошуу максатын көздөгөн бул чакан ишкананын салтанаттуу ачылышы болду.
«Жаштар курулуш» ишканасын ачуу учуру
Ага Нарын облустук жаштар комитети жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жаштар катышты.
“Жаштар курулуш” долбоорунун алкагында 3миң 500 еврого корей өндүрүшүнөн чыккан заманбап опалубка, бетон аралаштыргыч, леса (шаты), дрель ж.б курулуш үчүн керектүү инструменттер алынып келинген.
Райондук жетекчилик «Жаштар курулуш» ишканасынын курулуш инструменттерин көрүүдө
корей өндүрүшүнөн чыккан опалубка
Электр бетон аралаштыргыч
Курулуш инструменттер
Долбоордун жетекчиси Азамат Аскарбековдун берген маалыматына караганда жаштардан турган чакан курулуш бригадалары түзүлөт.
“Айылыбызда курулуш материалдарын саткан дүкөндөр болгону менен аларды убактылуу пайдалануу үчүн берилбейт да. Сатып алабыз. Ал эми леса (шаты) такыр эле табылбайт.Ошондой эле курулуш жаатында мастерлер да абдан көп. Ошол себептүү ушундай кызмат көрсөткөн ишкана ачып жатабыз. Максатыбыз ишкана ачып эле байып жатып калуу эмес. Элге кызмат көрсөтүү жана жаштар үчүн жумушчу орундарын түзүү. Курулуш үчүн бардык инструменттер бар”,- дейт.
Азамат Аскарбеков курулуш инструменттерин арендага берүү кызматын көрсөтөрүн жана кесиптик лицейдин студенттерин келишимдик негизде курулуш тармагы боюнча кесипке багыт берүү үчүн окутуп жатканын кошумчалады.
Сейтек КУлубаев (ондон биринчи) Рай аким Талант Ниязбеков Нарын облустук жаштар кеңешинин төрагасы (ортодо) Санат Сапарбеков «Акталаа жаштары» коомдук бирикмесинин төрагасы
Ал эми Нарын облустук жаштар кеңешинин төрагасы Талант Ниязбеков ишкана ээлери ишкердикти мындан ары дагы өнүктүрүп, кетсе дагы колдоолор болрун айтты.
Акталаада жаштар үчүн ак өргөөнүн ачылышы болду
Барчын Мамытбекова