Бүгүн Ак-Талаа районунда КРнын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана акимдин балдарга арналган Жаңы Жылдык балаты майрамы өтүп, ага райондун аймагындагы билим берүү мекемелеринин мыкты окуучулары, спорттук мелдештердин, кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү катышты.


КРнын Президенинин Нарын облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Иманкулова, район акими М.Камчыбеков Жаңы Жыл менен балдарды куттуктап, белектерин ыйгарышты. Мындан сырткары «Ак-Талаа айымдары» коомдук фондунун өкүлү Н.Ибраимова да куттуктоо жолдоп, фонддун атынан белек тапшырды.

М.Камчыбеков-район акими, А.Иманкулова-облус башчысынын орун басары(солдо), Н.Ибраимова-майрамдын мейманы



Район акими М.Камчыбеков балаты майрамында
Балаты майрамы М.Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрынын артисттери тарабынан даярдалган жомок, Ж.Сыдыков атындагы БББнун окуучуларынын ыр-бийлери менен коштолду.





Барчын Мамытбекова