Ак-Талаа районунда жалпы 43 комбайн болсо, мунун ичинен үчөө, оруп-жыюуга даяр. Райондогу Терек, Үгүт, Көк-Жар айыл өкмөттөрүндө техника жетиштүү. Ал эми калган айылдарга сырттан Өзгөн, Тогуз-Торо, Чүй, Көл аймактарынан кошумча комбайндар жардамга келишет жана алар айылдарга бөлүштүрүлөт.
«Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Уланбек Казиевдин айтымында 1га аянтты чабуу акысы 4000 сом деп сүйлөшүлдү. Бул баанын ичинде күйүүчү май дагы бар. Мындан Баетов айыл өкмөтү өзүлөрүнүн МТС үлгусундөгу жаңы комбайндын кызматын акысын 3500 сомдон коебуз деп жатышат”,- деди.
Жалпы район боюнча 4905га дан эгиндери чабылат. Эгин чабык 15-20-автуста башталып 1-октябрь менен жыйынтыктоону пландаштырып жатышканын кошумчалады.
Барчын Мамытбекова