Катар мамлекетинин «Катар чарети» кайрымдуулук фондунун каржылоосунда Жерге-Тал айыл өкмөтүндөгү Чолок-Кайын айылында Калпанын алма багында «Калпа атанын мечитинин» курулушу башталды.
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Гүлмайрам Учугенованын маалыматына караганда курулушка тиешелуу мыйзамдуу документтерин бүткөрүп, экотехинспекциядан каттоодон өткөрүп, технадзор жалдоо, мечиттин ичинде суу, жылуулук киргизүү милдетин алган.
«Жергиликтүү бюджетте каражат жоктугуна карабай, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен акча таап, болгон документтерин бүткөрдүк. Долбоордун автордук көзөмөлүн жүргүзүү милдетин Ак-Талаа районунун архитектура, курулуш башкармалыгы өзүнө алды»,- деди.
Буга чейин да Калпа атанын алма багы деп бул жер даңаза болуп келген. Ичинде Калпа атанын мечити, өзү өстүргөн алма бакчасы болгон. Эски көрүстөндөр да бар. Жалпы аянты 9,5 гектар.
Учурда Жерге-Тал айылдык кеңешинин чечими менен бул жер жергиликтүү маанидеги тарыхый мурас деп таанылып, республиканын маданият министрлигинен каттоодон өткөн.
Чолок-Кайын айылында Хан Шырдакбектин чеби, Калпа атанын алма багы деген эки тарыхый эстелик бар. Чолок-Кайың айылы келечекте туризмдин чордону болот деген оюн кошумчалады Г.Учугенова.
Калпа атанын өз аты Дубана Бектемир уулу арабча сабаттуу, диний аалым болгон экен. Багбанчылык өнөрү менен абдан таанылган. 1905-жылы Шабдан Баатыр жигиттери менен ушул жерден Тогуз-Торого өтүп баратып, Нарын өрөөнүнөн жалгыз ушул жерде алма, өрүк, алча өскөнүн кордум деп тан калып, атайын аттан түшүп, буларды өстүргөн кандай киши болду экен деп Калпа атага жолуккан экен.
Көрсө, Калпа ата бул мөмө -жемиштердин көчөтүн түштүктөн чаначка көөлөп салып келип тигип, суук жерге көнгүчөктү кышкысын камышка ороп, таңып бакчу экен. Бул кишинин эмгегине тан калган Шабдан Баатыр Калпа атага кийинки жазда ат арабаң менен Кеминге кел, ошол жактын алма кочотторун даярдатып коем деп чакырып, кийинки жылы Калпа ата Кеминден алма көчөттөрдү алып келип тигет.
Ошону менен алма бактын аянты чоңоюп жүрүп отурат. Калпа атанын көзү өткөндөн кийин анын ишин жалгыз уулу Кемелдин ата уланткан. Ушу тапта алма бакты небереси Сагындык Дубанаев багып өстүрүүдө. Сагындык Дубанаев өзү да аракет кылып, Ысык-Көлдүн абрикос, алма көчөттөрүн алып келип отургузуп, карап атат.
«Алма бактын ичине Калпанын мечитинин ордуна жаңы мечит салып, ага да Калпанын мечити деген ат бердик. Келечекте өзүнчө бир тарыхый комплекс болуп калса жакшы болот эле»,- дейт Гүлмайрам Учугенова.
Барчын Мамытбекова