Бүгүн Ак-Талаа районундагы бардык мекеме-ишканалар, билим берүү мекемелери, айыл тургундары ишембиликке чыгышты. Социалдык обьектилердин айланасы иреттелди. Ошондой эле жол жээктери, арыктар, райондун чектешкен жери тазаланып, 102 тонна таштанды чыгарылды.

102 тонна таштанды чыгарылды

Үч Кара-Суу эс алуу жайы

Ишембиликке бир жарым миң киши чыкты

Шырдакбектин коргону тазаланды

Ишембиликтин алкагында Тайлак баатырдын күмбөзүнө ишембилик жасалды
Мындан сырткары тарыхый жайларга, тактап айтканда, Жерге-Тал айыл өкмөтүндөгү Шырдакбектин коргону, Кара-Ой айыл аймагындагы Тайлак баатырдын жана Тоголок Молдонун күмбөзү, Үгүт айыл аймагындагы Үч Кара-Суу эс алуу жайларына, скверлерге, парктарга 83 мекеме-ишканалар ишембиликке чыгышып, 82га аянт тазаланды. Ак-Талаа райондук мамлекеттик админисрациясынын адиси Мирлан Темирбек уулунун айтымында улуттук тазалык күнүнө арналган ишембиликке бир жарым миңге жакын адам катышты.

Ишембилик КРнын Президентинин 6-сентябрдагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы” жөнүндө Жарлыгына ылайык уюштурулду.
Барчын Мамытбекова