Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022- жылдын 6- сентябрындагы №305 «Улуттук тазалык күнү 2023-2025- жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында Кочкор району боюнча 2022-жылдын 8-октябрь күнү массалык ишембилик өткөрүлдү.
Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы, ар бир айыл өкмөт, мекеме-ишканалары өзүнө тийиштүү жана кошумча берилген аймактарда иш алып баруу боюнча тапшырма берилип.2022- жылдын 11- октябрь саат 11:00 чейин ишембиликтен кийинки сүрөттөр менен камтылган, аткарылган иштер тууралуу маалымат берүүнү тапшырды.
8- октябрь күнү Кочкор жергесинде саат 09:00 ишембилик айыл өкмөт башчы, мекеме жетекчилеринин катышуусунда өткөрүлдү.
Ишембилик социалдык обьектилердин айланасын жана жолдун жээктерин камтыды.
Бүгүнкү ишембилик кандай өтүп жатканы боюнча Кочкор райондук маданият бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Эркинбек Байгатаев маалымат берип кетти:
Кочкор райондук маданият бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Эркинбек Байгатаев
«Бүгүн республикалык денгээлде өтүп жаткан ишембиликке маданият кызматкерлери активдүү катышып жатабыз, өзүбүзгө тиешелүү жана кошумча берилген аймактарды тазалоо иштерин аяктап калдык, мындан тышкары Маданият үйүнүн жер аянты чоң болгондуктан,бир айлык ишембилик өткөрүү боюнча жарыялап, ар бир жуманын ишемби күндөрү ишембилик өткөрүүгө аракет жасап жатабыз».
Кочкор райондук Маданият үйүнүн кызматкерлери
Кочкор райондук «Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө» борборунун кызматкерлери
Кочкор айылынын тарыхый музейинин кызматкерлери
Кочкор айылынын Капар Кыдыралиев атындагы орто мектеби
Ишембиликтен бир көз ирмем
Мадина Жокенова,Асема Молдошева, Нурсултан Турганбеков