Ак-Талаа районунда бүтүрүүчүлөрдүн Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгына арналган салтанат өтүп, анда Баетов айыл аймагына караштуу 4 мектепке Баетов айыл өкмөтү тарабынан акчалай сыйлыктар жана сертификаттар тапшырылды.
Тактап айтканда:
-Ш. Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебине (и.о.м) ЖРТдагы жогорку көрсөткүч үчүн 30миң;
-М. Баетов атындагы орто мектебине 25 миң;
-Т. Оторов атындагы орто мектебине 20 миң сом акчалай сыйлык берилди.
Ошондой эле Ш.Бейшеналиев атындагы и.о.м. бүтүрүүчүсү Кеңешчороев Курманбек ЖРТдан 212 упай камсыз кылгандыгы үчүн 10 миң сом;
М.Баетов а.о.м. бүтүрүүчүсү Иманбекова Таңсулуу (204 упай) 7 миң сом;
Т.Оторов а.о.м. бүтүрүүчүлөрү Айназик Атапова (202 упай) 5000 сом жана Жапаралиева Айзирек (201 упай) 3000 сом акчалай сыйлыктарга ээ болушту.
Мындан сырткары, окуучулардын предметтик олимпиадасындагы алдыңкы жетишкендиктер үчүн Ш.Бейшеналиев атындагы и.о.м 30 миң сом жана Э.Карасартов атындагы орто мектеби 20 миң сом акчалай сыйлык жана сертификаттар ыйгарылды.
Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Турат Сабыровдун айтымында акчалай сыйлыктар кеңештин депутаттарынын колдоосу менен жергиликтүү бюжеттен бөлүндү. Мындай демилге салт катары жыл сайын колдоого алынып келет.
Барчын Мамытбекова