2-май күнү Ак-Талаа районунда мугалимдер жана тарбиячылар арасында «Мыкты мугалим-2024» жана «Мыкты тарбиячы-2024» сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болду.
Сынактын жобосуна ылайык катышуучулар ачык сабактарды өтүү менен бирге сабак өтүүнүн заманбап ыкмалары боюнча мастер-класстарды өтүштү. Жыйынтыгында,
Баш байге- С. Атамбеков атындагы орто мектебинин биология мугалими Нурбек Байшериевге Ак-Талаа райондук мугалимдердин профсоюз уюму тарабынын Ташкентке эс алууга жолдомо берилди.
Нурбек Байшериев-баш байге ээси
Күмүшай Мамаева 1-орун
1-орун Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин химия мугалими Күмүшай Мамаева- Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 10 000 сом өлчөмдөгү акчалай сыйлыгы тапшырылды.
Каныкей Мукамбеткалый кызы 2-орун
2-орун — Э. Карасартов атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Каныкей Муканбеткалый кызы — жеке ишкер, маданияттын мыкты кызматкери Жылдыз Коконбай тарабынан 7 000 сом өлчөмдөгү акчалай сыйлык берилди.
Сайра Ашыркожоева 3-орун
3-орун- И. Молдобаев атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Сайра Ашыркожоева-Жылдыз Коконбай тарабынан 5000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык тапшырылды.
Светлана Доктурбек кызы- баш байге ээси
Ал эми бала бакчалар арасында баш байгени «Адис-Адилет» бала бакчасынын тарбиячысы Светлана Доктурбек кызы ээ болуп, ага Ак-Талаа райондук мугалимдердин профсоюз уюму тарабынын Ташкентке эс алып келүүгө жолдомо берилди.
Айжамал Бусурманкул кызы 1-орун
1-орун- «Тынчтык» бала бакчасынын тарбиячысы Айжамал Бусурманкул кызына Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 10 000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыгы тапшырылды.
Астра Эсеналиева 2-орун
2-орун «Келечек муун» бала бакчасынын тарбиячысы Астра Эсеналиева — Жеке ишкер Жылдыз Коконбай тарабынан 7000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыкты алды.
Жылдыз Муктарбек кызы 3-орун
3-орун Кайбылда Касмалиев атындагы бала бакчасынын тарбиячысы Жылдыз Муктарбек кызына Жылдыз Коконбай тарабынан 5000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык тапшырылды.
Мыктылар сынагында баш байгени алган Нурбек Байшериев жана Светлана Доктурбек кызына Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо тарабынан Египетке эс алууга жолдомо берилди.
Ошондой эле жигердүү катышкан бир катар мугалим жана тарбиячыларга Нарын облустук усулдук борборунун, кесиптик уюмдун грамоталары тапшырылды.
Мындан сырткары ардагер педагог Малдыбаева Алый апа тарабынан сынакка катышкан бала бакча тарбиячыларына 5000, 3000, 1000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Алый Малдыбаева СССРдин Билим берүүсүнүн отличиниги Тарбиячыларга акчалай сыйлык тапшырууда
Аталган сыйлоо аземи билим берүү тармагындагы «Билимдүүгө дүйнө жарык» деген аталыштагы жыйынтыктоочу салтанаттуу иш-чаранын алкагында болду. Атай кетсек, ага мугалимдер, окуучулар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, РБББнүн башчысы К.Эсеналиев, КРнын ЖКнин депутаты Мирлан Самыйкожо, Кыргыз Эл акыны Азамат Болгонбаев жана демөөрчүлөр, ардагер мугалимдер катышты.
Барчын Мамытбекова