2-май күнү Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо Ак-Талаа районунда билим берүү тармагынын жыйынтыктоочу салтанатына катышып, окуучуларды билимдүү болууга чакырды.
«Билимди мыкты алсаңар дүйнөнүн эшиги кенен ачылат. Анын эки ачкычы бар, бири сиздерге таалим-тарбия, билим берген-мугалим, экинчиси-сиздер үйрөнгөн тил. Ушу эки нерсени баалап, жадыбалдай жаттап алыңыздар. Келечек билимдүү жаштардан куралат жана түзүлөт», — деди ал окуучуларга кайрылып.
Ал эми район акими Жумадилла Жапаров куттуктоо сөз айтып, мамлекет тарабынан мугалимдерге ар тараптан колдоо көрсөтүлүп жатканын баса белгиледи.
«Мугалимдик кесип-сыймыктуу, түйшүктүү, бирок мөмөсүн кеч берген кесип. Бүгүнкү сыйлыгыңыздар сиздердин эмгегиңиздердин мөмөсү. Буюрса алдыда бүтүрүүчүлөрдүн «Алтын тамга» мамлекеттик аттестациялоо жана ЖРТдө жогорку көрсөткүчтөрдү берет деп ишенем», — деп кошумчалады.
Айыл өкмөт башчылардын атынан Алмаз Абдылдаев, жеке ишкер, демөөрчү Жылдыз Коконбай, куттуктоо жолдошуп, мугалимдердин талбас эмгегин, оор түйшүгүн, өлкө келечегин курууда жасаган эмгектеринин баа жеткис экендигин айтышты.
Ал эми «Ак-Талаа айымдары» коомдук фондунун өкүлү, акимдин орун басары Кенже Карагулова куттуктоо менен бирге фонддун ишмердүүлүгү тууралуу кыскача маалымат берип, мүчө болууга ар дайым эшигибиз ачык деп билдирди.
Иш-чарада «Мыкты мугалим 2024», «Мыкты тарбиячы-2024», «Биз 21-кылымдын интеллектуалдарыбыз», «Жоокер ыры», «Мектеп лигасы» ж.б сынак-мелдештерде алдыңкы ийгиликтерди жараткан 120 мугалим жана окуучуларга грамота, диплом жана демөөрчүлөр, кесиптик уюм тарабынан сыйлыктар тапшырылды.
Барчын Мамытбекова