Ак-Талаа районунда Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өтүп, ал маданият кызматкерлеринин, мектеп окуучуларынын театралдаштырылган концерттик программасы менен коштолду. Аталган майрамдык салтанат Баетов айылындагы Дөрбөлжүн аянтында айыл тургундары, айыл акскалдары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, КРнын ЖКнин депутаты Мурадил Сыдыковдун катышуусунда белгиленди.

Майрамдык салтанатка айыл аксакалдары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты

Театралдаштырылган концерттик программа коштоду

К.Молдобасанов атындагы орто мектебинин бийчилер тобу

Di dance бий тобу


Театралдаштырылган оюн-зооктон бир көрүнүш

Мындан сырткары тамак-аш жарманкеси уюштурулуп, ага сүт, нан жана эттен жасалган азыктардын түрлөрү коюлду.

тамак-аш жарманкеси

Дөрбөлжүн аянтына боз үй тигилип, райондук маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан кайнатылган сүмөлөктү ачып, ооз тийгизишти. Умай эне ырым кылып, арча түтөтүп аластады.

Алас-алас, ар балээден калас…
Андан соң район акими Ж.Жапаров элге тынчтык молчулук болсун деп чыгыш элдеринин байыркы майрамы болгон Нооруз менен куттуктады.

Район акими Ж.Жапаров жана ЖКтин депутаты М.Сыдыков куттуктады
Ал эми ЖКтин депутаты М.Сыдыков майрам менен куттуктап, быйылкы жылы район ичинде жасалуучу иштер, курулуучу обьектилер боюнча айтса, Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдылдаев, аксакалдардын атынан Ж.Буйлашов, Аялдар Кеңешинин төрайымы Б.Турдубековалар дагы жалпы журтка каалоо-тилектерин билдиришти.

Алмаз Абдылдаев (солдо) Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы, Б.Турдубекова жана аксакалдар кеңешинин мүчөсү Ж.Буйлашов
Ошондой эле социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон бир катар жигердүү жарандарга Ак-Талаа районунун “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды.

Тынымсейитова Айнурага «Ардактуу атуул» наамы тапшырылды

Ак-Тал айылынын тургуну Жанболот Жусупов «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылды
Нооруз майрамына арналган салтанаттын соңунда “Жыл мыктылары”, “Акмөөр-2023” сулуулар кароо-сынагынын жана тамак-аш жарманкесинин жеңүүчүлөрү аныкталып, белектер, акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Жыл мыктылары: «Мыкты айыл өкмөт» Баетов айыл өкмөтү

«Жылдын мыкты медицина мекемеси-2022» наамы «Тилектеш» ФАП

«Мыкты мекеме-2022» Райондук маданият үйү

«Мыкиы мектеп-2022» Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектеби

«Акмөөр-2023» сулуулар кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү
Барчын Мамытбекова