Бүгүн Ак-Талаа районунун «Бермет-Жал» ат майданында улуттук ат оюндарын сүйүүчүлөр тарабынан облустук деңгээлде ат жарыш оюндары өткөрүлүп, жеңүүчүлөрү аныкталды.
Тактап айтканда, тай чабыш, кунан жарыш, бышты жарыш, жорго салыш, кыска аралыкка күлүк жарыш жана аламан жарыш мелдешине Ат-Башы, Нарын районунун, Нарын шаарынын, Ысык-Көл облусунун жана Ак-Талаа районунун айылдарынан келип катышты. Оюндун соңунда жеңүүчүлөргө акчалай байге, медаль жана дипломдор ыйгарылды.
Тай чабыш боюнча;
— 1-орунду Нарын районунун Хутор — Ак-Талаа айылынын Уран Кыдырмаевдин тайы багынтып, 12 миң сом,
— 2-орунду Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну Турарбек Барктабасовдун тайы камсыздап, 8 миң сом,
— 3-орунду Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын тургуну Дайыр Нуркасымовдун камсыздап, 4 миң сом байгеге ээ болду.
Кунан чабыш боюнча;
— 1-орунга Баетов айылынын тургуну Алтынбек Кудашовдун кунаны чуркап келип, 20 миң сом,
— 2-орунга Жаңы-Талап айылынын тургуну Рахат Советбековдун кунаны келип, 12 миң сом,
— 3-орунга Жан-Булак айылынын тургуну Турганбек Садыковдун кунаны келип, 7 миң сом,
— 4-орунга Ак-Тал айылынын тургуну Шабдан Токторовдун кунаны келип, 3 миң сом байге утту.
Бышты жарыш боюнча;
— 1-орунду Эмгек-Талаа айылынын тургуну Кубан Абдыгуловдун быштысы багынтып, 12 миң сом,
— 2-орунду Ат-Башы районунун тургуну Калыбек Тоюнбековдун быштысы ээлеп, 6 миң сом,
— 3-орунду Ак-Кыя айылынын тургуну Самаркан Сийнабдиновдун быштысы камсыздап, 3 миң сом,
— 4-орунду Тоголок Молдо айылынын тургуну Бекболот Шамиевдин быштысы жеңип, 1 500 сом байгеге ээ болду.
Жорго салыш боюнча;
— 1-орунду Ат-Башы районунун тургуну Айтбек Мамбетакуновдун жоргосу багынтып, 9 миң сом,
— 2-орунду Баетов айылынын тургуну Качкынбек Абышбаевдин жоргосу ээлеп, 5 миң сом,
— 3-орунду Ат-Башы районунун тургуну Улан Ыбышовдун жоргосу камсыздап, 2 миң сом менен сыйланды.
Аламан жарыш боюнча;
— 1-орунга Хутор — Ак-Талаа айылынын тургуну Бакыт Ниязбековдун «Кырчын» аттуу күлүгү келип, 35 миң сом,
— 2-орунга Жаңы-Талап айылынын тургуну Данияр Таалайбек уулунун «Резо» аттуу күлүгү жетип келип, 16 миң сом,
— 3-орунга Эмгек-Талаа айылынын тургуну Тынарбек Исмаиловдун «Алчошка» аттуу күлүгү чуркап келип, 7 миң сом байгеге ээ болду.
Кыска аралыкка жарыш (спринт) боюнча;
1-орунду Баетов айылынын тургуну Акылман Ибраимкановдун күлүгү багынтып, 4 миң сом байге утуп алды.
Мелдештин кийинки кезеги Нарын районуна өткөрүлүп берилип, жалпы эсеп боюнча өтмө кубок Нарын районуна берилип, мелдеш 9-май күнү өткөрүлмөкчү
1-орунду Баетов айылынын тургуну Акылман Ибраимкановдун күлүгү багынтып, 4 миң сом байге утуп алды.
Мелдештин кийинки кезеги Нарын районуна өткөрүлүп берилип, жалпы эсеп боюнча өтмө кубок Нарын районуна берилип, мелдеш 9-май күнү өткөрүлөт.
Наргиза Ырысбекова