Ак-Талаа районундагы айрым бюджеттик мекемелерге жана Кош-Дөбө, Конорчок айылдарына “Турук” көмүр кенинен көмүр отуну тартыла баштады. Кенде иштеп жаткан ишканалар аскага келип такалган көмүрдүн үстүн тазалап, аяктап калды. Акимдин орун басары Улан Жылтыров кенде болуп, иштин жүрүшүн көрүп келди.
“Жардыруучу адистер 13-октябрда эле келмек. Тиешелүү документтери бүтпөгөндүктөн, жакынкы күндөрдө келишет. Ташын жардырып, анан соң көмүрдү жардырабыз дешти. 10-15 күндүн тегерегинде элге тартып баштайбыз дешти. Мурдагы күндөн (18-октябрь) баштап тендердин көмүрлөрүн Ат-Башыга тартып жатышат. Коңорчокко 15тонна көмүр жүктөлдү. Ошондой эле №40 кесиптик лицей менен Кош-Дөбөгө бир-эки күндүн аралыгында тартышат”,-деди акимдин орун басары.
Учурда райондогу бюджеттик мекемелер 97% көмүр отуну менен камсыз болгон. Ошондой эле кары-картаңдар, социалдык жактан жардамга муктаж үй-бүлөлөргө дагы жардам катары бир тоннадан көмүр отуну берилген.
Барчын Мамытбекова