Көз ооруларынын абдан көп түрлөрү бар жана ал ооруларга чалдыктырып албаш үчүн көздү дайыма таза жууп, алдын алуу керек. Ысыкта аллергиядан, кышта көздөгү нервдерге суук тийгизип алуудан сакташ керек. Дарыгерлер кышында баш кийимсиз жүрбөш керектигин айтып келишет. Кечке компьютерде, телефонду отура берүү өтө зыян. Мындан адамдын карегине ак тактар пайда боло баштайт.
Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун көз дарыгери Букен Турдубекова глаукома адамдарда 35 жаштан пайда болорун айтты.
«Адам 35 жаштан кийин жок дегенде жылына бир келип дарыгерге көрүнүп туруусу керек. Көз басымын текшерип беребиз. Эгер гипертония болсо анда дарылоону эрте баштоо керек. Бул илдетте көздүн суюктугу көбөйүп кетет дагы, басымдын жогорулашына алып келет. Күчөгөндө тамырлар жарылып кетет. Көз бир күндө көрбөй калышы мүмкүн. Сокурлукка алып келет. А глаукомадан пайда болгон көздүн көрбөй калуусун калыбына келтирүүгө мүмкүн эмес.
Ошондуктан дайыма ченетип, көздү көрсөтуп туруу маанилүү. Көз тунарат, кызарып, жакшы көрбөйт, башты оорутат, өтө кооптуу. Глаукома -негизи көздүн ички басымынын жогорулашы жана көрүүнүн начарлашы менен мүнөздөлгөн оору. Башка айтканда мээ менен көздү байланыштырып турган нервдин оорусу”,- деди.
Барчын Мамытбекова