Ак-Талаа районунун Шабыр жайлоосундагы Көл-Кайың суусуна “Памир көпүрөлөрү” долбоору аркылуу көпүрөнүн курулуш иштери аяктап калды. Көпүрөнү “CAMP Ала-Тоо” коомдук фондусу каржылап, 324 миң сомго курулуш материалдарын камсыздап берген. Ал эми Ак-Талаа токой чарбасы өздүк салым катары жамааты менен 122миң 500 сомдук иштерди аткарууда.
Ак-Талаа райондук токой чарбасынын башчысы Расбек Каналиевдин айтымында Шабыр тилкесинде чарбанын питомниги бар.
“Питомникке токойчулардын баруусуна көпүрөнүн жоктугу кыйынчылык жаратып келген. Ошондой эле аталган тилкеде өрт коопсуздугун алдын алуу, болтурбоо иштерин жүргүзүү үчүн техникалар бара албай, суудан өтүү кооптуу болуп келген. Көпүрө куруунун дагы бир негизги максаты- Шабырда экотуризмди өнүктүрүү. Анткени Шабыр абадн кооз жер. Бирок көпүрөнүн кесепетинен ички жана сырткы туризмди өнүктүрүүгө тоскоолдук жаратып келген”,- дейт.
Көпүрө колдонууга берилсе бул чөлкөмдө эко туризмди өнүктүрүүгө абдан чоң таасир тийгизет. Ошондой эле Сон-Көл жайлоосуна чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Мындан сырткары, бир чакырымга жакын таштак жолду токой кызматынын бюджетинин эсебинен оңдоо алдында турат. Шабыр жайлоосу Жаңы-Талап айыл өкмөтүндө жайгашкандыктан техника жана күйүүчү майдан жардам көрсөттү.
Барчын Мамытбекова