Кант диабет оору эмес, жаңы жашоо. Чуй облусунун башкы эндокринологу Гульдана Джолчиева негизи эле адам аткарыш керек болгон режимди бирок, кылбай жүргөн нерселерден улам пайда болот. Кант диабетин көзөмөлдөп турса туура тамактануу, сергек жашоо аркылуу кадимкидей жашоого мүмкүн.
Акыркы 10 жылда Кыргызстанда кант диабети менен ооругандардын саны эки эсеге өстү. Жыл санап аталган илдет чалдыккандардын саны өсүүдө. 2021-жылдын эсебинде 73миң адам катталган тилекке каршы бул сан эки эсе көп болушу мүмкүн. Себеби кант диабет көп учурда билинбей өтөт. Адам алгачкы учурларда оорусу бар экенин билбей жүрө берип өтүшүп кеткенде гана келип катталып калат.
Кандагы канттын жогорку деңгээлде мүнөздөлгөн өнөкөт оору. Кант диабетке чалдыккан адам өзүн туура алып жүрбөсө, дарыгердин берген көрсөтмөлөрүн так аткарбаса оорунун андан ары күчөп кетүүсүн шарттайт. Бул көйгө, жүрөк, буттун кан тамырларга таасирин тийгизет.
Ооруунун белгилери кант диабеттин түрүнө жараша болот:
1-тип 35 жашка чейинки жаштарда көбүрөөк кездешет. Бул типтеги кант диабетинде оорунун белгилери тезирээк жана даана билинет. Биринчи ирет адам өтө суусайт, бат-бат заара кылып баштайт. Тамака болгон табит ачылат ошентсе дагы арыктап, алсырап кетет.
Негизи адам энергия алып туруш керек, аны болсо тамак аштан алат. Аны клеткаларга жеткирүү кызматын инсулин аткарат. 1-типте уйку без инсулин чыгарбай калат. Инсулин чыкпай калса клеткага глюкоза менен камсыздалбай калат.
2-типте болсо, уйку безде инсулиндин кору бар. Бирок, адамдын клеткалары инсулинди тааныбай калат.
2-тип 45 жаштан жогоркулар көбүрөөк чалдыгат. Көп учурда узак убакытка чейин оорунун белгилери билинбеши мүмкүн. Бейтаптар башка оорулар менен келип изилдөөдөн өткөндө кант диабети бар экени белгилүү болот.
Оорунун себеби?
— Жаштар ар кандай жугуштуу оорулар менен ооруса, кош бойлуу кезде ата-энеси керектүү витаминдерди ичпесе жана кош бойлуу кездеги эненин туура эмес тамактануусу бул ооруга алып келүүсү мүмкүн. Ошондой эле аз кыймылдуулук, туура эмес тамактануу, ашыкча салмак жана стресс.
Дарыгер: Төрөттүн так күнү 7-9 жумада УЗИде саналганда белгилүү болот
Суу чечек оорусу бардык мезгилде эле кездешет
Дарыгер: Эч качан балага тамакты чайнап бербеңиз!
Айгерим Кубатбекова