Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үнкүр айылындагы Рават жайлоосундагы Назгүл Керимкулованын жайлоодогу бир күндүк жашоосу, кыздары үчүн баарына даяр эне, күчтүү жар тууралуу сүрөт баянды көрүңүз:
Рават жайлоосу
Назгүл Керимкулованын экинчи кызы Саида апасына жардам бергени саат беште туруп, музоо салып берет
20дан ашуун уйду эки саатта кызым Калиман экөөбүз саайбыз.
Уулум Жалал-Абадга окууга тапшырып кеткенден кийин ат менен уйларды жайыттына айдап келүү Калимандын жумушу
20 уйдан 200 литрден ашуун сүт чыгат. Аны жылытып Саида дайыма куюп берет.
Эки сепаратор менен сүттү тартабыз. Сүт тартып отурганда кыздарым менен сүйлөшөм. Алар менен сырдашып, курбусундай эч нерсе жашырышпайт
Сүттү жыйнап болгончо саат 10 болот. Ал убакта Саида очокко тамак жасап коет
Кызыл-Үнкурдөн жайлоого эс алганы туугандарыбыздын кыздары да келишет. Мадина булактан суу алып жатат. Мөңгүнүн суусу таза, муздак.
Отко бышкан тамак даамдуу болот
Жолдошум Садыр экөөбүз бир эле жолу жолугушуп, алып качып кеткен. Окуйм деп жүргөм. Ошентип турмуш жолуна түшүп, Рават жайлоосун 18 жашымда көргөм. Жолдошум дайыма мага жардам берет. Кичинебиз Салиханы аябай жакшы көрөт
Үчүнчү кызым Зейнеп козу багат. Жазда кичине козулардан алып, жайлоого чыгып кетебиз. Ал жерде сүт кеңири. Сүт менен баккан козулар күздө чоң кой болот. Сатып кирешеге кошобуз
Салиха да дайыма козуларга сүт ташып берет
Кичине козулар артынан калбай ээрчип алышат.
Жолдошум Садырдын аты менен Кең-Кол жайлоосуна баралы деп кошунам экөөбүз даярдандык. Ал жерге барып, башка малчы аялдар менен айылдагы жаңылыктарды угуп келебиз. Жайлоодо уюлдук телефон тартпайт. Ошентип жаңылыктардан кабардар болуп, сүйлөшүп отуруп келебиз
Кошунам небереси менен жайлоого чыккан. Аны таштабай дайыма алып жүрөт. Аттан корккон небереси эшеке минет.
Бир сааттык жолдо бара жатып, башка малчылардын аялдарынан да кабар алып өтөбүз
Жайлоодогу түшкү тамак натуралдуу. Сары май, каймак, чөбөгө.
Рават жайлоосу тоону түгүндө жайгашкандыктан тез-тез жамгыр жайт. Мөңгү дагы деле кете элек. Түштөн кийин жамгыр жаап баштады
Жайлоодогу эң биринчи отун курук болушу керек. Жамгыр жааганда отунду алып киргени Калиман кетти
Саида жамгырдан кийин куруттарды кайра ачып жатат
Куруттан киреше жакшы түшөт. Бир киллограмм курут 500-550 сомдон.
Коноктон келсем, жолдошум жылкы, койлорун караганы кетиптир. Отун жарып, кечки тамак жасайын дедим
Кеч киргенде уйлар келе баштайт. Калиман экөөбүз кайрадан уй саай баштайбыз
Кечке жумуштан бошобогон кыздарым тез эле уйкуга кетишет. Мен болсо көпкө ойлонуп отурам. Кыздарымдын келечеги, уулумдун окуусу жөнүндө ойлоном. Акыркы күчүм калганча кыздарымды окутам. Аларга билим алышы үчүн баардык шартты түзүп берем. Жайлоого да балдарым үчүн чыгам. Жайлоодон тапкан кирешем кыздарымдын окуусуна жумашалат. Мен кирешемди балдарыма арнайм.
Гүлназ Камбарали кызы
Бул материал “Сорос-Кыргызстан” Фондунун колдоосу менен IDEA CA тарабынан ишке ашырылган MediaJasa долбоорунун алкагында жаралды. Бул материал акысыз көчүрүүгө, иштетүүгө жана каалаган чөйрөдө жана автордун атын милдеттүү түрдө көрсөтүү менен каалаган форматта, анын ичинде коммерциялык максатта жеткиликтүү. Бул материалдын мазмуну автордун жоопкерчилигинде жана IDEA CA жана “Сорос-Кыргызстан” Фондунун көз карашын чагылдырбайт.
2 286