Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Канатбек уулу Дастан 9-10-11-март күндөрү Сингапурда өтүүчү менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиадага Кыргызстандын катышат.

Дастандын айтуусунда: «Үстүбүздөгү жылдын январь айында Шеньмо уюму менталдык арифметика боюнча республикада тандоо турун өткөргөн. 21 мамлекеттин окуучулары катыша турчу бул олимпиадада тандоо турунан ийгиликтүү өткөн 4 окуучу Кыргызстандын намысын коргойт».
Канатбек уулу Дастан мектепте ачылган менталдык арифметика боюнча ийримге катышып жатканына эки жыл болду. Ийримдин жетекчиси Нургул Макелеева: «Республикалык тандоо турга барып келгенден бери болгон убактыбызды машыгууга бөлүп, эсептерди чыгарып, убакытка минутка, секундка карап даярданып жатабыз.» дейт.
Даярдаган: Мөөркан Жумакадырова