Ак-Талаа районундагы орто мектептердин 11-класснын 10 окуучусу Кытайга окууга жарым гранттык жолдомо утуп алышты.
Бишкектеги «Перспектива” эл аралык билим берүү борборунун директору Нурсултан Кубановдун айтымында, үч жылдан бери борбор 200дөн ашуун кыргыз студенттерин Кытайга жөнөтүшкөн.
«Негизи мындай грант чоң шаарларга гана бөлүнөт, бирок быйыл тиешелүү тараптар менен сүйлөшүп, алыскы айылдардын окуучулары үчүн Кытайда бекер билим алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп жатабыз. Барган студенттер бир жыл тил үйрөнүшөт. Андан кийин Кытайдагы биз келишим түзгөн 70ке жакын университетке тапшырып, окуй алышат. Окууну бүткөндөн кийин жумуш менен камсыз кылабыз», — деп билдирди Кубанов.
Аталган окуу борбору жакында тил үйрөтүү боюнча курстарды ачты. Курста билим алуу Кытайдын окуу системи менен жүрөт жана кытай мугалимдери гана сабак берет. Пекин университетинин китептери менен гана окутат жана HSKге (кытай тилинин деңгээлин аныктоочу текст) даярдоо курстары бар. Ошондой эле, курстун бүтүрүүчулөрү жайкы лагерге бекер жолдомо ала алышат жана Кытайдагы 78 универстеттин биринин тил курсуна, бакалавриат, магистратура гранттык негизде окууга мүмкүнчүлүктөрү бар.
Кубанов Нурсултандын айтымында, учурда жаштар орто окуу жайларын бүтүп, чет өлкөгө жумуш издеп кетип жатышат.
Кытайга окууга жолдомого ээ болгон 10 окуучунун арасында “Тун-Ук” жаматтык мультимедиа борборунун үч ыктыярчысы — Кубанычбекова Калида, Муратбекова Нурпери жана Айылчиева Адина да бар.
Даярдаган: Жылдызбек кызы Алтынай
Тренер: Айылчиева Адина
Сынак үчүн