Чүй облусунун Сокулук районунун Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин башталгыч класстарынын мугалимдери үчүн кубанычтуу жаңылык орун алды. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан берилген «Алтын казык» ноутбуктарына башталгыч класстын мугалимдери ээ болушту.
Бул колдоо – мугалимдердин кесиптик ишмердүүлүгүн заман талабына ылайык жүргүзүүсүнө чоң мүмкүнчүлүк түзгөн маанилүү кадам. Санариптик технологиялар менен камсыз болуу аркылуу сабак өтүү процесси дагы да жанданып, көргөзмөлүүлүк, ыкчамдык жана натыйжалуулук жогорулайт. Окуу материалдарын даярдоо, интерактивдүү сабактарды уюштуруу, электрондук ресурстарды колдонуу сыяктуу иштер мугалимдер үчүн бир топ жеңилдейт.
Мугалимдер жамааты
Ноутбук алган башталгыч класстын мугалими Аксана Шалтаева кубанычы менен бөлүштү:
«“Алтын казык” ноутбугун алуу мен үчүн абдан маанилүү болду. Бул заманбап билим берүүгө жасалган чоң колдоо деп эсептейм. Ноутбук сабактарды жаңы форматта, кызыктуу жана натыйжалуу өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Презентация, видео, интерактивдүү тапшырмалар сабакты жандандырып, окуучулардын кызыгуусун арттырат. Бул мүмкүнчүлүк мугалим катары кесиптик өсүшүмө да чоң салым кошот».
Ошондой эле башталгыч класстын мугалими Бекташ Эргашов да өз пикирин билдирди:
«Бул мезгилдин талабы – жаңылануу. Ноутбуктарды пайдалануу окуу процессин жакшыртып, мугалимге чоң жардам болот. Окуучулардын өздөштүрүүсүн жана сабакка болгон кызыгуусун арттырат деп ойлойм».
Мугалимдердин айтымында, мындай колдоо дем-күч берип, жоопкерчиликти дагы да арттырат. «Алтын казык» ноутбуктары – билим берүү системасындагы жаңылануунун, мугалимдерге болгон ишенимдин жана камкордуктун айкын белгиси. Бул кубанычтуу жаңылык мектеп жамаатынын ишке болгон шыктануусун арттырып, келечек муунга сапаттуу билим берүүдө бекем пайдубал түзөрү шексиз.
Даярдагандар: Аида Карыбековна, Раяна Бейшенбекова