6-февраль күнү Көк-Кашат айлында көкбөрү мелдеши болуп, анда Көк-Кашаттык “Алга” командасы 1-орунду жеңип алды. Бул жолу мелдештин алтынчы айлампасы өткөрүлүп, Ак-Жар, А.Огомбаев, Көк-Кашат жана Калба айылынын 1985-жылкы жигиттеринен түзүлгөн көкбөрү командалары катышты.
Оюнду Беш-Таштан келген көкбөрүчүлөр менен Көк-Кашаттык “Алга” командасы баштады. Жыйынтыгында 6:1 эсебинде “Алга” утуп алды.
Андан кийин Ак-Жар менен Калба ойноп, калбалык жигиттер 3:2 эсебинде утуп алышты.
3-4-орунга Ак-Жар менен Беш-Таш ойноп, 3:2 эсебинде Беш-Таш командасы жеңишке жетишти.
Финалга Калба менен Көк-Кашат чыгып, 5:0 эсеби менен көк-кашаттык “Алга” командасы калбалыктарды таза утуп алды.
Көкбөрүнү сүйгөн көпчүлүк, сүрөөнчүлөр абдан көп болду. Мелдештин акырында 1-орунду алган командага 3000 сом, 2-орунду ээлегендерге 2000 сом, 3-орунга татыктуу болгондорго 1000 сом, ал эми калган командаларга 500 сомдон кызыктыруучу сыйлыктар берилди.
2019-жылы Манас айылында биринчи ирээт 1985-жылкы жигиттер арасында көкбөрү мелдеши өткөрүлгөн. Мелдешке Ак-Жар, А.Огомбаев, Кара-Суу, Манас, Арал, Үч-Эмчек, Көк-Кашат, Калба жана Чоң-Токой командалары катышып келишет.
«Мелдештин шарты жөнөкөй, эки улак союлуп, бир улак кийинки мелдешти уюштура турган айылга эстафета катары берилип, экинчи улакты мелдеш өткөргөн айылдын көкбөрүчүлөрү куурдак кылып жешет. Мелдеш баарыбыздын башыбызды бириктирип, айылдар аралык ынтымакты чыңдаганга, көкбөрү оюнун өркүндөтүүгө өбөлгө болот экен»-, деп кошумчалады “Алга” командасынын оюнчусу жана демөөрчүсү Эрнис Шамбетов.
Айта кетсек, “Алга” командасындагы көкбөрүчү жигиттердин оюнга кийе турган кийим-кечектерин Эрнис Шамбетов тиктирип берген.
«Манас айылында өткөн мелдешке тилекке каршы, катыша албай калганбыз. Кийин Ак-Жар айылынан 2-орун, Беш-Таштан 1-орун, Кара-Суу айылынан 2-орун, ал эми Калба айылында өткөн мелдештен 1-орунду алганбыз. Бүгүнкү мелдеште 1-орунду ээледик,-деди Көк-Куш атын алкынтып, алдыңкы оюнчулардын бири Надырбек Алкадыров. “Күлүктөн күлүк чыкса төрт аягы тыбырайт” дегендей, бир кылка мыкты оюнчулар жыйналган “Алга” командасында, топ жарган мыкты көкбөрүчүлөр бар.
Бул жолку оюнда Надырбек Алкадыров, Сыят Аманжанов, Замир Байызбеков тайказанга улакты көп салып, команданы алдыга сүрөштү».
“Алга” командасында 12 оюнчу бар. Алар:
1. Команданын капитаны Канат Иманбаев, минген аты Арбат.
2. Замир Байызбеков, көкбөрүгө чапкан күлүгүнүн аты Пакет.
3. Бектур Жуманалиев, минген аты Мустанг.
4. Замир Асымбаев, минген аты Зимар.
5. Шабданбек Акматалиев, минген аты Лазер.
6. Надырбек Алкадыров Көк-Куш аты менен мелдешке чыкты.
7. Эрнис Шамбетовдун минген аты Жарыкбаш.
8. Касен Тыналиев, минген аты Арматура.
9. Аманжанов Сыятбек, минген аты Жорго.
10. Айилчинбек Кожомуратов минген аты Чүкөбаш.
11. Марат Шаршеналиев минген аты Чагылган.
12. Заирбек Береналиев, менген күлүгү Каракуш.
“Алга” командасынын артыкчылыгы мелдешке жакшы даярдык, жаңы формалары менен чыгышты. Ал эми калган айылдардан келген командалар азырынча форма тиктиргенге жетише элек экендиги көрүнүп турду.
Көкбөрү эстафетасы катары союлган эки улактын бири Ак-Жардан келген командага берилди. Мелдештин жетинчи айлампасы күзүндө Ак-Жар айылында болмокчу.
Даярдаган: Мира Сейдикеримова