FLEX программасына Токтогул районунун Терек-Суу айылындагы Курама уулу Турусбек мектебинин 9-б классынын окуучусу Аяна Кадырбаева катышып, Америкага 1 жыл окуп, жашап келгенге жолдомо алды. КМШ өлкөлөрүнүн мектеп окуучуларына америкалык мектепте бир жыл окуп, жаңы маданиятты жана тилди үйрөнүүгө мүмкүндүк берген FLEX программасы 1992-жылы АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан түзүлгөн.
Бул программага өлкөбүздөн бир катар алдыңкы мектеп окуучулары катышып, бир жыл мөөнөттө Америкадан окуп, кайра өлкөбүзгө кайтып келе алышат. Программага кабыл алуу жыл сайын өткөрүлөт. Ал эми катышуу бекер, бирок бир нече этаптан өтүү керек болот.
«FLEX программмасына өтүү мен үчүн оор болду десем жаңылышпайм. Өзгөчө үчүнчү этапта атаандаштар көп болгондуктан кыйын болду. FLEXге өтүү үчүн болгон күчүн жумшаган окуучуларды жолуктурдум. Бул сынакка 8-класста эле жеңүүчү болом деп максат коюп, даярданып баштагам. Ошол убактан бери англис тилине көбүрөөк басым жасап, практика кылып жүрдүм. Бул программа келечекте мага көп деген эшиктерди ачып берет деп ойлойм. Себеби, бул программа эл аралык болгондуктан көптөгөн университеттерге грантка өтүүгө мүмкүнчүлүктөрүм болот. Ушундай программаларга катышып, өз күчүн сынап, убакытын туура пайдаланууга окуучуларды чакырам. Бул ийгилигим үчүн биринчиден эле ата-энеме жана мугалимдериме терең ыраазылык билдирем»-дейт Аяна Кадырбаева.
Даярдаган: Азема Сабырбекова, Бурулсун Тажиева, Аэлита Зарылбекова