Ак-Талаа районундагы Ж.Сыдыков атындагы баддар билим берүү борборунда «Илим + Ойлоп табуу = Техника» аттуу мектеп окуучуларынын райондук илимий-техникалык олимпиадасы өткөрүлдү. Жаш техниктердин райондук олимпиадасы КРнын ББМнин жана «Мектеп окуучуларынын илим, техника жана өндүрүш жумалыгын өткөрүү жөнүндө» буйругунун негизинде РБББү жана БББу тарабынан өткөрүлдү.
Олимпиадага даярдалган эмгектер
Катышуучулар өздөрүнүн эмгектерин презентациялап беришти
Жыйынтыгында:
I орунду А.Турдакунов атындагы атындагы орто мектебинин “Ак-Тал” командасы жеңип алып, I даражадагы диплом менен сыйланса, II орунга Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин окуучусу Нурмухаммед Муратканов чыгып, II даражадагы диплом тапшырылды. Ошондой эле олимпиаданын облустук туруна катышууга жолдомо алышты.
Ал эми III-орунга Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин “Бейшеналиев” командасы жана И.Молдобаев атындагы орто мектебинин окуучусу Айганыш Кадырбековалар татыктуу болушуп, III даражадагы диплом ыйгарылды.
Мындан сырткары калган бардык катышуучуларга олимпиадага жигердүү катышкандыктары үчүн грамоталар тапшырылды.
Эскерте кетсек, облустук тур 2025-жылдын 14-февралында Нарын шаарында Э.Ибраев атындагы орто мектептин имаратындагы «Алтын түйүн» Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын Нарын облусундагы филиалында өтөт.
Барчын Мамытбекова