15-февраль Афган согушун эскерүү күнүнө карата Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов айыл аймагындагы афган ардагерлерине карата иш чара болуп өттү. Иш чарада согушта курман болуп, мектептерге ысымдары ыйгарылган Т.Бекиев, Э. Эргешов, Ж. Айдарали, К.Надиров жана Мурзакарим Кудайбердиев атындагы жатак мектеп- лицейине барып аларды эскерип, окуучулардын концерттик программасын көрүп келишти.
К. Надиров атындагы орто мектеп
К. Надиров атындагы орто мектеп
Иш чара учурунда
Т. Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Батырбек Кааров:
Батырбек Кааров
«15-февраль Афган согушун эскерүү күнүнө карата иш чара уюштурулду. Иш чарага айыл өкмөт тарабынан 55 миң сом акча каражат бөлүнүп, мүмкүнчүлүктөр түзүлүп берилди. Афган ардагерлерине кааларым бакубат каарылыктын доорун сүрүүнү, чын ден соолукту жана узун өмүрдү каалап кетем. Ар дайым биздин сыйыбыздын үстүндө жүрө беришсин. Биздин өсүп келе жаткан жаштарыбыз да согуш ардагерлерин көрүп патриоттук сезими ойгонуп, мекнди сүйүүгө тарбияланышат.» деп билдирди.
Орден тапшыруу учурунда
Иш чара учурунда
М. Кудайбердиев атындагы жатак мектеп-лицейи
Иш чара учурунда
Иш чара учурунда
Э. Эргешов атындагы орто мектеп
Э. Эргешовтун эстелиги
Т. Кулатов айыл өкмөтүнүн афган согуш ардагерлеринин төрагасы Марасул Тилебаев:
Марасул Тилебаев
«Кулатов айыл өкмөтүнөн 30 ардагер согушка катышкан. Алардын арасынан 9 ардагыр согушта курман болуп, 21 ардагер кайтып келген. Алардын арасынан бүгүнкү иш чара 13 ардагер катышты. Учурдан пайдаланып Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысына терең ыраазычылыгымды билдирем. Бизди ар дайым колдоп келет. Жылына грамота жана акча каражат менен камсыз кылат. Мындан ары биздин өлкөдө эч качан согуш болбосун. Биздин башыбыздан өткөн нерселерди жаштарыбыз көрбөсүн.» деп билдирди.
Ж. Айдарали атындагы спорт залы
Сыйлык тапшыруу учур
Иш чара учурунда
Сыйлык тапшыруу учур
Т. Бекиев атындагы орто мектеп
Иш чара учурунда
Т. Бекиевтин эстелиги
Иш чара учурунда
Сыйлык тапшыруу учур
Иш чара учурунда
Иш чара учурунда
Даярдаган:Жумагүл Көчкөнбаева