Америкалык Мэтью аттуу жаран Кызыл-Ой айылына келгенине эки жылдай болуп калды. Анын максаты окуучуларга англис тилин үйрѳтүү. Ошол убакыттан бери аталган айылдын окуучуларына англис тилинен сабак берет.
«Менин атым Мэтью. Мен Америкадан келгем. Мен Кызыл-Ой айылында иштейм жана жашайм. Биз Сабира эже менен башка англис тил мугалимдерине сабак ѳтѳбүз. Ошондой эле бүгүн «Эл аралык тил» күнүнѳ карата семинар болду. Ар дайым англис тилинде семинар ѳтѳм».
Бул жолу Суусамыр айылындагы Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектептин окуучуларына эл аралык тил күнүнө карата семинар ѳткѳргѳну келди. Бул иш- чараны Кызыл-Ой айылынын мектеп жетекчилиги уюштурган.
Бул тууралуу Түркмѳн орто мектебинин англис тил мугалими Каримова Сабира мындай деди:
«Бүгүнкү тренингди «Эл аралык тил» күнүнѳ карата ѳттүк. Бүгүнкү биздин темабыз күнүмдүк англис тилин үйрѳтүү. Мындан кийин дагы ѳрѳѳндѳгү мектептерге мындай семинарларды ѳтѳбүз. Ошондой эле балдардын англис тилин дагыдан ѳркүндѳтүп ишибизди улантабыз деп ойлойм. Биздин дагы алдыда кѳп деген максаттарыбыз бар».
Ал эми Конушбаев Кадырбек атындагы орто мектептин англис тил мугалими Назима Ишеналиева бул иш чара биз үчүн күтүлбѳстүк болду дейт.
«Мындай деңгээлде болот деп ойлогон эмеспиз. Тренер келип планы боюнча ѳттү. Ошондой эле мугалимдер кечигип келди, кичине түшүнбѳстүктѳр болуп калды. Бирок жакшы деңгээлде ѳттү».
Иманжан Бегимкулов орто мектебинин окуучусу Чыңгызбекова Айзирек ѳз оюу менен бѳлүштү:
«Бүгүнкү волонтер кѳп деген жакшы нерселерди үйрѳттү. Биз кѳбүнчѳ грамматика жактан кыйналчубуз. Ошол билбеген нерселерибиздин баарын сурап билип алдык».
Ал эми Конушбаев Кадырбек атындагы орто мектебинин окуучусу Жакутбекова Сезим ѳз оюу менен бѳлүштү:
«Бүгүнкү тренинг абдан жакшы ѳттү. Биз сүйлѳшүү жактан жана грамматика жактан кѳп деген нерселерди билип алдык. Ошондой эле англис тилин оңой үйрѳнүүнүн жолун үйрѳтүштү».
Белгилей кетсек, Мэтью жогоруда айткандай тренингге окуучулар кайсы убак болбосун, Кызыл-Ой айылына барып билбеген нерселерин билип, ар кандай темада билим алып келишсе болот.
Даярдаган: Назима Акишбекова, Айтеңир Индусбекова