Ак-Талаа районунда 2019-жыл «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү» жылына карата мектеп окуучулар арасында «Мен бийчимин» аттуу кароо-сынак өткөрүлдү. Сынактын максаты райондо бий өнөрүн аздектеген өнөрпоз жаш улан-кыздардын көмүскөдө жүргөн таланттарын, шык жөндөмүн ойготуп, эл алдына алып чыгуу.
Таймаш 2 баскычта өткөрүлдү. Бардыгы 11 команда күч сынашып, 7 команда финалга чыгышты.
Жыйынтыгында, баш байгени «Диа Дема» жана «Жаш кыял» бийчилер тобу, 2-орунга «Камбаркан» жана «Тоо шаңы» тобу, 3-орунга Жусупбаев атындагы орто мектебинин бий командасы ээ болушту.
Даярдаган: Муктарова Аймырза