Суусамыр FM радиосунда болуучу «Парламент сүйлѳйт» таймашы 21-февралда болуп ѳттү. Мурда жазып келгендей бул таймаш 5 мектептер арасында болуучу таймаш. Ал ар бир айда мектептин министрлери күч сынашат. Бул ирет спорт жана ден соолук министрлери таймашышты.
Адаттагыдай эле радиовикторинада иш пландар, ѳзүн-ѳзү тааныштыруу, тесттик суроолор, аткарган иши тууралуу суроолор, мен президент болсом жана талантым бар деген тапшырмалар болду. Таймаш чындыгында ысык жана шаӊдуу ѳттү.
Таймашта сѳзсүз түрдѳ жеӊүүчү дагы жана жеӊилүүчү дагы болгондуктан, жеӊүүчү болуп Иманжан Бегимкулов атындагы орто мектебинин окуучусу Айылчиев Нуркан табылды. Ал бул жеӊишти күтпѳгѳнүн айтты:
«Мени Айылчиев Нуркан 2001-жылы Суусамыр ѳрѳѳнүндѳ туулгам. Азыркы учурда И.Бегимкулов атындагы орто мектебинде 11-классынын окуучусумун. Мектептин спорт жана ден соолук министри болом. Баса белгилеп кетчү жагдай, Ашырбекова Акылай жана Абасбек кызы Айзатка тереӊ ыраазычылыгымды айтып кетмекчимин. Ошондой эле бул жеӊишти эч качан күткѳн эмесмин, ошол себептен толкунданып атканын айтты».
И.Бегимкулов атындагы орто мектебинин тарбия завучу Казакова Назгүл таймаш тууралуу сѳзүн айтты:
«Жылдын башында эле иш мерчем боюнча түзүлгѳндүктѳн, ошонун негизинде иш алып барышат. Нурканды даярдаганга мектептин президенти жана мен үстүртѳн кѳзѳмѳлдѳп турдум. Бирок ѳзү бардыгын даярдады», — дейт.
Таймаштын эӊ жаш катышуучусу Сапарбек Мырзакматов орто мектебинин 8-классынын окуучусу Адылбеков Расул ѳзүнүн ою менен бѳлүштү:
«Мен Мырзакматов атындагы орто мектебинен келдим. Бул сынакка мен 1 ай даярдандым жана мага жардам берген Айжан эжекем жана Айпери эжемди айткым келет. Алар мага күйүп-бышып кѳптѳгѳн жардам беришти, рахмат»,- деди.
3-орунду багындырган Конушбаев Кадырбек атындагы орто мектептин окуучусу, спорт жана ден соолук министри Шаршенов Жаннатбек мындай дейт:
«Мен Конушбаев атындагы орто мектебинин ден соолук жана спорт министри болом. Мен ден соолук жана спорт министри болуп шайлангандан баштап эле даярданып келатам. Сынакка атайын китептерди окуп жана замандын талабына ылайык интернет менен дагы даярданып жаттым. Даярдоочу мугалимим Аргымбаев Самат агай, учурдан пайдаланып, агайга тереӊ ыраазычылык билгизип кетмекчимин»,- деди.
Таймашка негизинен катышуучулардын күйѳрмандары, мугалимдери колдоп келишет. Алар үчүн жан үрѳп, жардам берип, колдоп коштоп кетишет. Таймаш учурунда алар чай ичип жана радиовикторинадагы түз эфирди угуп отурушат.
Айта кетчү жагдай, эми бир гана таймаш калды, ал кайсы таймаш десеӊиздер, кийинки жаӊылыктардан окуй аласыздар.
Даярдаган: Умсунай Ачыкова