Лейлек районундагы Сары-Дөбө айылынын тургуну Нургазы Исмановдун демилгеси менен түптөлгөн тамчылатып суугаруу долбоору иштеп жатат. Бул жерди курууга Германия кызматташтык уюму колдоо көрсөткөн.
Тамчылатып суугаруу долбоору жүзөгө ашканына төрт жыл болду. Бул жер үчүн 11 гектар суу жетпеген жер кошулган. Бул жерлер айыл өкмөттүн карамагындагы жерлер. Суу жетпегендиктен эч нерсе эгилчү эмес эле. Учурда ал жерлер тамчылатып суугаруу долбооруна кошулган.


Долбоорду ишке ашырган Нургазы Исмановдун айтымында, мурда таштак болгон жерде азыр мөмө-жемиш бактары отургузулганын айтат.
«Учурда гүлдөгөн жерге айланып отурат. Төгөрөк четин тосуу үчүн 22 кожолуктун кишилери эмгектеништи. Мисте, алма, өрүк көчөттөрү эгилген. Жалпы төрт миллион сомдон ашуун каражат кетти. Жергиликтүү тургундардан бир миллион сомго жакын акча каражаты чогултулган», — деп билдирди Исманов.



Жерди айыл өкмөтү 49 жылга ижарага берген, бирок ижара акысы төлөнбөйт. Бул жердин айланасын тосууга толук бир жыл убакыт кеткенин айтат Исманов.
«Тамчылатып суугарууну уюштурганыбызда суу топтолуучу резервуар курганбыз. Ага топтолгон сууну насостор менен тамчылатып суугарууга жөнөтөбүз. Бул жерден азыркыга чейин киреше түшө элек. Эгер киреше түшсө ошол жерди караган багбандарга, электр энергиясына бөлүнөт», — деп кошумчалай кетти Исманов.
Даярдаган: Амина Жанибекова
НЖ
Сынак үчүн