Лейлек районуна караштуу Андарак айылынын ички жолдору ондолуп жатат. Айыл өкмөт башчысы билдиргендей, жол оңдоо 30-марттан башталып эки күндө аяктаганын билдирди.
Оңдоого орто эсеп менен 40 миң сом акча сарпталган. Жолду 4 техника, 6 адам жасады.

Айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү буйругу менен 3 айлыктын алкагында жол оңдолуп жататканын билдирди айыл өкмөт башчысы Анаркул Атамкулов.
“Сумбула айыл аймагынын ичиндеги ички жолдорду оңдоп-түзөө иштери аяктады. Мектептен Колтук көчөсүнө аралыгына 640 метрге жерге кум төшөлдү. Автогрейдер менен тезилделди”, — деп кошумчалады Атамкулов.

Искра айылы боюнча 410 метр жолго кум төшөлгөнүн билдирет Искра айылынын айыл башчысы Самандаров.
“Искра айылынын ички 410 метр жолуна кум ташталды. Таштарын терүүө айыл тургундары да жардам берди”, — деди өз сөзүндө айыл башчы Абдисайит Самандаров.

Андарак айыл тургуну Мукумжон Олимов кум төшөө иштерине жардам бергенин айтат.
“Үйүмдүн алдындагы көчөгө кум төгүп жатканын карап, колдон келгенче жардам бердим”, — деп билдирди айыл тургуну.
Мындан тышкары Расулов Вали, Кудайназаров Ганы, Сайдуллаев Каримжон жардам бергенин айтты.

Мындан тышкары бир жарым километр жол ондолгонун кошумчалады Анаркул Атамкулов.
“Жолдор айыл өкмөттүн эсебинен, техника ДЕП 13түн жетекчилиги менен болду. Азырынча толук канча акча кетткендиги билине элек. Орто эсеп менен 40 миңдей акча сарпталды. 4 техника жана 6 адам жумуш жасады”, — деп айтат Атамкулов.

Даярдаган: Камбар Асан уулу
Сынак үчүн