Тасма айылынын тургуну Аскарбек Көчөрбаев элдик даарыгер. Жүрөк түшкөндө, бөйрөк ооруганда, ач киргенде, баш ооруган учурда айыл тургундары Аскарбек Көчөрбаевге кайрылышат.

Көчөрбаев эртең мененжана кечинде киши көрөт. Айыл тургуну Жаңыл Дубанаева көпчүлүк учурда ага кайрылаарын айтат.
“Касиет деген бул улуу нерсе да. Анын үстүнө Аскарбектин колу да абдан жеңил. Балдар ооруп же болбосо ойноп жүрүп катуу чочулап калса биз дароо Аскарбекке кайрылабыз. Мен Аскарбек менен көп жылдан бери кошуна жашайм. Азыркы күнгө чейин биз эле эмес айылдын баары кайрылып ооруп жаткандар жакшы болуп калдык дешет”, — дейт Дубанаева.

Өзүнө берилген касиет кандан-канга өтөт экен мага бул касиет таятаман калыптыр дейт Аскарбек Көчөрбаев.
“Айыл тургундарын кыргызчылык касиети менен көрүп келе жатканыма 15 жыл болду. Тайнем кичине кезимде айтып калчу, сенин чымының бар, бир нерсени алдын ала сезесиң деп. Көрсө менин касиетим бар экен. Мындай касиет менде жана карындашымда бар. Жуманын төртүнчү, бешинчи күндөрү киши көрбөйм, бул күндөрү нан жасап, жыт чыгарып коём. Адамдарды көрүүдө кыйналам, көрүп бүткөндөн кийин эс алып калам», — деди Көчөрбаев.
Кыргызчылык касиети менен ооруларды даарылагандарга ишенбейм себеби мен бир гана жаратканга ишенем, дейт айыл тургуну Айзада Кадырова.
“Себеби азыр диндин ар кандай багыттары чыгып, элдерге туура эмес маалымат берүүдөн улам адамдар ишенчээк болууда. Мындай адамдар келечектерин айтып бергендеринин баардыгы жалган болсо керек. Себеби алдыда эмне болоорун кудайдан башка киши билбейт. Менин сиңдим ооруп, бир адам дем салат экен дегенинен алып барсак суу окуп берип келечегин айтып берип койгон”, — деди Кадырова.

Даярдаган: Алина Амантурова, Жазира Дүйшөн кызы
Сынак үчүн
АА