Жайыл районунун Кара-Суу айылында Нооруз майрамы белгиленди. Майрамдын өтүшү тууралуу маалыматты айыл тургундарынан алсак.

Ноорузду быйыл айылда жашаган Кушчу уруусунун өкүлдөрү алып барды. Мектеп мугалими Гүлнара Акешованын айтымында, быйылкы Нооруздун өзгөчөлүгү — бул комузчулар ансамблинин эл алдына чыгып, комуз ойноолору болгон.
«Биринчи жолу айылыбызда комузчулар ансамбли пайда болду. Кыздарды үйрөткөн Үмүт Осмоновага чоң ыраазылыгымды билдирем. Айылдын тарыхында кала турган нерсе болду», — деди Гүлнара Акешова. 

11-класстын окуучусу Элдос Таштановго дагы айылдагы жаңы түптөлүп жаткан комузчулар тобу жаккан. «Дагы жакшылап черткенди үйрөнүшүп, райондук, республикалык деңгээлге жетсе деп тилек кылам», — деди ал. 
«Мага да быйылкы Нооруздун өтүшү абдан жакты, дасторкон да мыкты болду. Ар кандай оюндар өткөрүлдү», — деп билдирди мектептин башталгыч класстарынын мугалими Гүлнара Жумалиева.
Андан сырткары айылдагы Ноорузда ат чабыш оюндары болуп өттү. «Ар жактан аттар келди. Биринчи оорунду Эсенбек Молдобековдун аты жеңип, 12000 сом байгеге ээ болду», — деди оюнга күбө болгон 8-класстын окуучусу Бекболот Көлбаев. 
Кара-Суу айылынын Кушчу уруусу Нооруз майрамын эми Саруу уруусуна өткөрүп беришти. «Ноорузду айылыбыз 15 жылдан бери чогуу өткөрүп жатабыз, эми биз дагы жакшылап даярданып, 2017-жылкы Нооруз майрамын жогорку деңгээлде өткөрөбүз» , -деди Кушчу уруусунун келини. 
Быйылкы Нооруз майрамын уюштурган Кушчу уруусуна «Ак кептерден» чоң рахмат. Ишиңиздерге ийгилик, ден-соолукта болуңуздар.
Даярдагандар: Нурай Жаныбекова, Медина Сатыбекова
Сынак үчүн