Бакай-Ата райондук китепканада 1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук-боштондук көтөрүлүшү тууралуу көргөзмө уюштурулду. Көргөзмө көтөрүлүштө курман болгондорду эскерүү үчүн уюштурулган.
Кыргыз тарыхына кара так салган кандуу окуяга байланыштуу Бакай-Ата райондук китепканада тарыхта калган үркүн аттуу көргөзмө уюштурулду. Дубалда “1916-жылдагы көтөрулүштүн негизги себептеринин бири — орус дыйкандарынын көп санда көчүп келүүсү жана аларды отурукташтырууда кыргыздарга карата зомбулуктун күчөшү болгон» деген жазууну окууга болот.Орус дыйкандарын Борбордук бөлүктөн көчүрүш иштеринде 1896-жылдан 1916-жылга чейин 237 миллион 310 миң рублдан ашуун каражат жумшалган. 1916-жылдагы Түркстандагы жалпы калктын 6 пайызын түзгөн орус жарандарына айдоо жердин 57 пайызы берилген.Андан сырткары көргөзмөдө «…келген дыйкандар кыргыздарды адам катары көрбөй суунун башын ээлеп алышып, кыргыздарга суу бербей аларды жерлерин таштап кетүүгө аргасыз кылышкан” деген архивдик документтин көчүрмөсү илинген.
Көргөзмөдө тарыхый-архивдик сүрөттөр, ошол мезгилде кыргыздар кийген кийимдер, түтөтмө мылтык, тарыхый документтер коюлган.
Даярдаган: Алина Өскөнкулова
Сынак үчүн
АС