Бакай-Ата районунун борбордук спорт аянтында зоналык футбол оюну болуп өттү. Кызууу талкуу жараткан оюнда Ленин мектеби 1-орунга ээ болду.
Зоналык футболдук мелдеши 31-март күнү болуп өттү. Ага Бакай-Ата, Наматбек жана Үч-Эмчек айылдарынын үч мектеп курама командалары катышты.
Наматбек айылындагы Жанчаров атындагы орто мектебинин машыктыруучусу Марат Шаршенов калыстар тарабынан туура эмес чечим чыккандыгын айтып чыкты.
«Негизи биринчи оюн жакшы болгон, бирок финалдык беттеште калыстар сатылып туура эмес чечим кылышты. Себеби дегенде алар башында эле начар ойноп жатышкан, Жанчаров мектебинин окуучулары башынан баштап эле көрсөткүчтөрү жашы болуп келе жаткан. Негизи биринчи орунга ошол мектеп татыктуу», — дейт Шаршенов.
Калыстардын бири Канимет Өмүралиев болсо талкуу талашсыз эле Ленин атындагы орто мектеби 1-орунду алды деп билдирүүдө.
«Бул оюнга негизи үч мектептен катышкан. Финалдык беттеште Жанчаров менен Ленин орто мектептери чыкты. Жыйынтыгында эч тоскоолдуксуз Ленин атындагы орто мектеби 2:1 эсебинде биринчиликти алды», — деп билдирди Өмүралиев.
Бүгүнкү беттеш оңой эле болуп, бирок жыйынтыгында калыстардын туура эмес чечими аркылуу утулуп калгандыгын айтат Жанчаров атындагы орто мектебинин оюнчусу Бекжан Сүйүтбеков.
«Биринчи оюнда эле калыстар туура чечим чыгарышты. Себеби ал оюнда биз 5:1 эсебинде жеңгенбиз, ал эми финалдык беттеште бизге калыс туура эмес чечим менен 2:1 эсебинде жыйынтык чыгарып салды», — деген оюн билдирди Бекжан.
Даярдаган: Үсөн Сүйүтбеков
Сынак үчүн
АСУ