Бүгүнкү чыгарылышта Жайыл районундагы Ставрополь айылынын фельдшердик акушердик пункту (ФАП) тууралуу маек куруп беребиз.
ФАПтын иши тууралуу көп жылдан бери медайым болуп иштеп жаткан Чынара эже менен маек курдук.

— ФАП та кандай иштерди жүргүзөсүздөр?
— Бул жерде 1 жашка чейинки балдар прививка алышат. Боюнда бар аялдар учётко турушат, 40 аял бар, анын ичинен 22 төрөдү, калганы учётто. Прививканы убагы менен алышат. Күнүгө ар бир үйдү кыдырам. Районго ай сайын отчёт беребиз, мектеп менен тыгыз байланыштабыз. Туберкулёз боюнча иштер жүрөт, азыр бир бала учётто турат. Бруцеллёз боюнча учётто эч ким жок. Подворный обход жүрүп, бүт оорулар жөнүндө айтам. Ден-соолук комитети менен тыгыз иштейбиз.

— Туберкулёз оорусуна каршы кандай иштерди жүргүсөсүз?
— Жөтөлүп жатса, андан дароо эле какырыгын алып, рентгенге жиберебиз, текшеребиз, анткени туберкулёз жугуштуу. Башкаларга жукпасын деп алдын алабыз. Ооруп калса, дарылоо жүргүзөбүз. Эгерде лабораториялык изилдөө жакшы болсо, анда маек кылам, кандай жүрүү керек, кандай тамак ичүү керектигин айтам. ФАПта кабыл алуу, дарылоо бекер жүрөт. Медайымды чакыруу да бекер, азыр дарылоо үчүн эч кандай акча алынбайт.

— Канча жылдан бери медайым болуп иштеп жатасыз?
— Ставрополь айылында 21 жылдан бери иштеп келе жатам. Мурун Кайыңдыда 5 жыл иштегем акушерка болуп.
Ставрополь айылынын ФАПынын кызматкери Чынара эжеге чын ден-соолук, ийгилик каалайбыз.
Даярдагандар: Данияр кызы Назик, Бейшенбекова Гүлзаада, Сабина Кадырбекова.
Сынак үчүн