Куланак айылында 7-апрель Элдик революциянын баатыры Рахатбек Кожобековдун жаркын элесине арналган Республикалык турнир 2-апрелде башталды. Буга Кыргызстандын 7 облусунан спортчулар катышып, жалпысынан 260 балбандар келишти.
Балбандар келген күнү таразага түшүп, айыл тургундары тарабынан үйлөргө жаткызылды. Ал эми аларды жетектеп келген машыктыруучулар № 86-кесиптик лицейине жайгаштырылды.
![20160402_120901[1]](http://kulanak.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/2/2016/04/20160402_1209011-300x169.jpg)
Турнир саат 9да башталып, адатка айлангандай мектеп алдында чакан линейка болду. Ошондой эле Кожобеков Рахатбектин элесине арналып куран окулду.
![20160402_120533[1]](http://kulanak.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/2/2016/04/20160402_1205331-300x169.jpg)
Дастан Исмантаев Талас облусунун Көк-Сай айылынан келген. Ал күрөшкө 1- классынан бери катышып келет. «Учурда 6-класста окуйм. Менин эң негизги максатым — ата-энемдин ишеничин актап, жеңишке жетишүү”, — дейт Исмантаев.
![20160402_141212[1]](http://kulanak.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/2/2016/04/20160402_1412121-300x169.jpg)
Ал эми Жалал-Абад шаарынан келген машыктыруучу Данилбек Бекмаматов биздин суроолорго төмөндөгүдөй жооп берди.
“Мен 23 жылдан бери тренер болуп эмгектенем. Көптөгөн окуучуларым чет өлкөгө чейин курөшүп келишкен. Ал эми Куланак айылына быйыл үчүнчү жолу келип жатабыз. Бизди коноктоп жаткандыктары үчүн жалпы айыл элине, мектеп мугалимдерине чоң ыраазычылыгымды билдирем”, — дейт машыктыруучу.
![20160402_152335[1]](http://kulanak.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/2/2016/04/20160402_1523351-300x169.jpg)
Өткөрүлүп жаткан күрөш дагы эки күнгө созулмакчы. Биздин кийинки макалабызда кимдер жеңишке жетишкендиктери тууралуу кененирээк маалымат бермекчибиз.
Авторлор: Нурила Таалайбек кызы, Дилде Шатанова, Ажар Белекова, Бегимай Талантбекова.
Сынак үчүн