«Ак кептердин» ыктыярчылары жана координатору Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы жана кызматкерлери менен 31-мартта жолугуп, интервью алышып, маалымат баракчаларын айыл өкмөттүн маалымат тактасына илип келишти.
Бул чыгарылышта биз сиздерге өкмөттүн жооптуу секретары Айгүл Беркутова жана жер боюнча адиси Жаныбек Кулючбеков менен болгон маегибизди сунуштайбыз.

Айгүл Салынбекована айыл өкмөтүндө кандай быйылкы иш чаралар бар?
— 2016-жылы айыл өкмөтүнүн планында Кара-Суудан көлгө чейин үч километр жолду биз таш төктүрүп, оңдогону жатабыз. Андан аркысы эмдиги жылы планда, алардын баарына акчабыз жетпейт. Биздин бюджетибиз аябай кичинекей, өзүбүздү өзүбүз каржылай албайбыз. Бизде болгону 2 миллиондой каражатыбыз чогулат элден.

Ушул иш быйыл аткарылабы, же аткарылбай калабы?
— Аткарылат, планда бар, быйыл сөз берди бизге өйдө жактан, ушул жерди оңдойбуз деп. Биз эми тырышып жатабыз таш төктүрөлү деп. Жакындан баштап таш төгүлө баштайт.

Кара-Суу айылында жаштар борбору эмне үчүн жок, эмне үчүн маданият үйү дагы эле оңдолбойт?
— Бюджетибиз аны оңдоого жетиштү эмес. Бизде Кара-Сууда ТОС бар. ТОС иштебей турат. Бир эле мултьмедийный центр иштеп жатат, калгандары иштебей жатат. Эгерде ТОС иштесе бизде анча-мынча акча болсо проекттерди жазсак, интернеттен проект толтуруп, жаштар өздөрү кызыгып эмне үчүн иштешбейт, кызыгышбайт. Кызыкса мурун эле баары болмок. Клубдун жогунан да, культработник жок, иштебейт, ошондуктан жаштар эчтекеге кызыгышпайт. Азыркы убакта спортко кызыга башташты. Волейбол ойношот, кечинде секцияларга барып, машыгышат. Ат оюндарына катышып, улак тартканга машыгышат, балдар спорт комплекс боюнча долбоор жазышса, жаштар комитети өздөрү демилге көтөрсө, тургузуп коймокпуз. Бизде демилге көрсөткөн киши жок, ошондуктан ушундай.
Жаныбек байке айыл өкмөттөгу жазгы талаа иштери кандай жүрүүдө, жер боюнча кандай иштер жүрүп жатат?

— 25инде аукцион өткөрдүк ФПСтин жерлерине. Арендага 7 жылга, калган эл сээп жатат. Дыйкандар кызылча сээп жатышат сугарып жатышат, жер боюнча баары эле жакшы. Элдин баары эле алды арендага жерлерди. Аукционго катышкандарга солярка берилип жатат. Дыйкандар жакшы эле иштеп жатышат. Фермерлер өз жерин айдап сээп жатышат.
Сиздер айын өкмөтүнүн жоопту секретары жана жер боюнча адисинин биз мнен болгон маегин уктуңуздар.
Даярдагандар: Сабина Кадырбекова, Элина Азаркулова.
Сынак үчүн