Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылында жаңы мечит курулду. Чоң эмес жамааты болгон мечиттин имамы менен маек курдук.
Мечиттин имамы жана кызматкерлеринин иш чаралары тууралуу маалыматты айылдын имамы Алиев Жолдоштон алдык.

— Жаңы мечит курулганы онго жакын жамаат жыгылабыз. Дагы көп болсо экен деп, көп мээнеттерди кылып жатабыз. Кечки саат 8де күнүгө амал китептерден, тандалма хадис китептерди окуйбуз. Ыйман жөнүндө көп окуйбуз. Эл канткенде оңолот, жалпы мулмандар динге келсе экен деп Алладан үмүт кылып, суранабыз.

— Айылда азыр эл бош, карта ойношот, мына ошолор азайса экен деп тилеп дуба кылабыз. Азыр мечиттин тегерегин айдатып, жашылдандыралы деп, көчөттөрдү алып келдик. Биздин радиодон пайдаланып, мечитке эл жардам берсе экен деп суранат элем.
Кара-Суунун имамы Жолдош Алиев мечитке заманбап даараткана куруп алсак жакшы болот эле дейт. «Өсүп келе жаткан урпактарыбызга жакшы мечитти, тегереги бак-дарак менен курчалган мечитти калтырып кетсек абзел болмок», — деди ал.

— Жаз келип, элибиз талаа иштерин башташты. Алла таалам молчулук, токчулук берсин элиме. Айылдын жаштары комуз үйрөнө баштаптыр. Абдан сүйүндүк. Мечитибизге мастуурат жамааты келип жатат. Аялары менен кошо келип, кыз-келиндерди тартипке чакырат. Биз жанагы чүмкөнүп жүргөндөргө каршыбыз. Алар биздин масхабга кирбейт. Кыргыздын кыздары илгертен топу, келиндери жоолук салынган, чоң апалардан сурасаңар айтып берет. Бирок өтө эле ачылып жүргөн да болбойт мусулман баласына, деди имам.
Даярдагандар: Айгерим Бексултанова, Саида Жусупова, Элина Азаркулова.
Сынак үчүн