Лейлек районундагы Андарак-Исфана жолунун эки капталы таштандыга толуп калганын байкоого болот. Бул боюнча Лейлек району жана Сүлүктү шаары боюнча экология жетекчиси менен маек курдук.
Андарак-Исфана жолундагы таштандылар экологияны булгоо менен катар ал жердеги элдердин үлүш жерлерине зыянын тийгизүүдө. Бул тууралуу Лейлек району жана Сүлүктү шаары боюнча экология жетекчиси Шагдан Тиллабаев билдирди.
«Айыл тургундары таштандыларын экология адистери көрсөткөн жайларга таштоосу керек. Ал жерлер атайын тосмо менен тосулуп, эл жашаган аймактан алысыраак болушу зарыл. Тосмо коюлбаса ар түрдүү иттер барып, ар кандай ооруларды анын ичинен “кутурма” ооруусун таратып жибериши мүмкүн. Сел түшө турган сайларга, агын сууларга да таштанды таштоого болбойт. Себеби, суулар башка аймактарга агызып барып элдерге зыянын тийгизет», — деп билдирди Тиллабаев.


Талаага памперстердин, желим баштыктардын, айнек идиштердин жана башка таштандылардын төгүлүшү экологиялык жактан гана эмес, экономикалык жактан да чоң зыян келтирет дейт ал.

“Айлана чөйрөнү коргоого азырынча жакшы көңүл бөлүнбөй келет. Бирок акырындык менен баары жакшы жолго коюлат. Талаага же көрүнгөн жерге таштанды таштабоо үчүн элдерге айыл өкмөтү тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүсү зарыл. Ар бир киши өзүн, чөйрөнү сыйлай билсе, булганыч жашоодон алысыраак болот элек”, — деп кошумчалай кетти Тиллабаев.

Жергиликтүү тургундар малдары желим баштыктарды жеп алуусунан чочулаарын айтышат. Андарак айылынын тургуну Эржан Абдраимов:
— Таштандыны көчөгө, талаага таштаганы туура эместигин калайык-калктын баары түшүнө билсе, айланып келип өзүбүзгө зыян келтирээрин түшүнсө, мындай кылмак эмес. Аң-сезимдин өсүшү менен мындай жаман жоруктардан арылаарбыз деген үмүттөмүн.

Талаага таштандыны машинасы бар гана кишилер төгүшөт. Себеби машинасыз адамдар таштанды таштоо үчүн 3-4 км көтөрүп барып таштабайт дешет айыл тургундары.
Даярдаган: Амина Жанибекова
НЖ
Сынак үчүн