Лейлек районунун Андарак айылында кароосуз калган иттер көбөйүүдө. Айыл ветеринарынын айтымында, буга иттердин көптөн бери атылбай жатканы себеп болууда.
Андаракта көптөн бери иттер атылбай жатат. Бул тууралуу айылдын ветеринары Ниязиддин Диязидинов иттерди атууга чыгып баратканда алар качып кетет дейт.
«Биз иттерди атууга чыгабыз, бирок ал иттердин жанына жакын бара албай калабыз. Себеп бара жатканыбызда ал иттер качып кетет. Ага карабастан ал иттерди биз көзөмөлдөп турабыз. Андарак айылында төрт квартал болсо, ар бир үйгө кирип түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турабыз», — деп билдирди ал.
«Ар ай сайын кутурмага каршы дарыларды да берип турабыз. Учурда кутурма оорусу жок десем жаңылышпайм. Бир ай мурда башка айылдан келген ит кутурма оорусу менен ооруган экен. Ал итти биз өз убагында жок кылып башын Баткенге жеткирдик. Ал ит бир уйду тиштеген экен ал уйду да жок кылдык», — деди ветеринар Диязидинов.
Иттердин көбөйгөндүгү жергиликтүү тургундардын да үрөйүн учурууда. Андарак айылынын жаш тургуну Нуртилек Мухаммед уулу мындай деди.
«Мен кечинде машыгуудан кайтканда сөзсүз алдымдан ит чыкпай койбойт. Мени ал иттер кубалаган бир учур болгон. Бир жолу машыгуудан чыгып, үйүмө кайтып келе жатсам алдымдан жыйырмадай ит чуркап өтүп кетти. Албетте ал иттерден коркосуң да», — деди Нуртилек.
Иттерди өз убагында атып турса жакшы болот эле, анткени иттер адамга зыян келтирбейт деп ким кепилдик бере албайт дешет айылдыктар.
Даярдаган: Сардар Акбарали уулу
Редактору: Нурислам Жанибеков
Сынак үчүн