Ак-Талаа районунун бардык айылдарында «Бир адамдан бир китеп» аттуу долбоор жүрүп жатат. Аталган долбоордун максаты элибиздин руханий интеллектуалдык потенциалын көтөрүү, билимге инвестиция жасоону үйрөнүү, ошондой эле китепкана жана китептердин жетишсиздиги көйгөйлөрүн чечүү болуп саналат.
Долбоор биринчи Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылында старт алып, эки жумада 984 китеп чогулган. Азыркы убакта акция райондун бардык айылдарында жүрүп жатат. Ар бир адам бирден китеп берип (мүмкүнчүлүгүнө жараша көбөйтсө болот) салымын кошо алат. Долбоордун негиздөөчулөрү Бакай Акылбеков жана Эрлан Исмаил уулу. Чогулган китептерди акциянын соңунда уюштуруучу топ белгиленген аймакка салтанаттуу түрдө тапшырат. Ошондой эле китептер жалпы элдин менчиги болот жана жергиликтүү комиссия тарабынан текшерилип, мөөр басылып, жоопкерчиликке алынат. Долбоордун соңунда жыл жыйынтыгын чыгарып, Кыргызстандагы эң мыкты китепкана, эң көп китептер, эң алдыңкы окурман, мыкты уюштуруучулар аныкталып, сыйлоо аземи болот. «Долбоорду ачууга көптөгөн ар кандай себептер болду. Биринчиси эле айылдарда, шаарларда китепканалардын жоктугу, эскилиги, айылдарда китепканалардын иштебей калышы, адамдардын китеп окубай калгандыгы. Адамдардын китеп окубай калышынын себеби китептин жетишсиздиги, аларга жаңы китептердин сунушталбагандыгы себеп болот. Ушундан улам: «Кантип китептерди Кыргызстандын ар бир бурчуна жеткирүүгө болот?» — деген суроо туулат. Ал эми экинчи себеп китепканаларга мамлекет тарабынан каражат бөлүнбөйт. Үчүнчү себеби биздин айылда Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата интелектуалдык оюн уюштурулган. Оюнга катышам дегендердин саны 120га жеткен,ал эми китепканада Ч.Айтматовдун 2-3 гана китеби болгон. Ушул себептерден улам «Бир адамдан бир китеп» долбоорун ачтык» -дейт долбоордун негиздөөчүсү Бакай Акылбеков.

Даярдаган: Аймырза Муктарова