Ноокат районундагы Арбын айылынын тургуну Диларам Батырбекова чакан цех ачып, айыл тургундарын иш менен камсыздап келет.
Цехти Диларам Батырбекова жекече өзүнүн каражатына ачкан. Тигүүчүлүккө жаш кезинен кызыккан Батырбекова цех ачууну көптөн бери көздөп келгенин айтат.
“Цех ачылганына бир жылдай болуп калды, иш жакшы эле деңгээле жүрүп жатат, берген табыштамалардын баарын аткарабыз, базарда да орунубуз бар, кээде ошол жакка да алып барабыз”, — дейт ал.
![1490604395369[1]](http://keneshnuru.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/10/2017/03/14906043953691.jpg)
![1490609716955[1]](http://keneshnuru.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/10/2017/03/14906097169551.jpg)
![1490604389716[1]](http://keneshnuru.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/10/2017/03/14906043897161.jpg)
Цехти ачууга 100 миң сомдой каражат кеткен. Чакан ишкана болгонуна байланыштуу анда үч тигүү машинасы жана беш жумушчусу бар.
Айыл тургуну Кандыбаева Алтынай цех ачылып, алыска барбай эле өз айылынан кийим тиктирип кийип калганын айтат.
“Бул цехтин ачылганы бизди кубандырды, убара болуп базарга барып жүрбөй ушул эле жерден табыштама кылып алабыз. Базардан алганда кээ бир көйнөктөр саз келбей калып кайра алып барсак алмаштырбайт, бул жерде чак келбесе алып барып алмаштырып алса да болот”, — дейт ал.
Эгер киреше жакшы болсо чакан цехти чоңойтуу планы бар экенин айтат Батырбекова. Цехтин өзгөчө жери — кийимдер бул жерде базардагылардан алда канча арзан турат.
Даярдаган: Зарина Нурдинали кызы
Тренер: Дилнура Абдиламит кызы
Сынак үчүн