Ысылыктын ажайып тʏрлɵрʏнɵн болгон салаттарды биздин эл жергебизде жашылча ɵстʏрʏлɵ баштаган замандан тартып андап билип, «шакарап», «сай» деген айрым эски тʏрлɵрʏн жасап жеп келген.
Азыр болсо кыргыз дасторконуна дʏр-дʏйнɵ салаттар коюлат. Алардан элибиздин ашканасына мʏнɵздʏʏлɵрʏн сунуштайбыз. Салатттын тышкы кɵрʏнʏшʏ, кɵркʏ, тʏсʏ, жасалгасы зор мааниге ээ. Салатка урунтулган азыктар бʏт кɵрʏнʏп, тургандай кылып кооз жасалгалоо зарыл. Өзгɵчɵ салатка кетчʏ керектʏʏ азыктарды талдоо, аны жууп-тазалап, аарчып, туурап пайдалана билʏʏ орчундуу иш. Салатты даамдуу жасап, жарашыктуу кооздоп, жайнатып дасторконго кое билʏʏ ар кимдин эбине жана фантазиясына жараша. Тʏркʏм азыктардын айкалышынан жасалган сон, салаттардын даамы кушкер, витаминдерге, минерал заттарга бай, аш болумдуу женил тамак. Калориясы бийик оокаттарга жашылча салатын кошо бергенде, андай тамактардын организимге бат синишине шарт тʏзʏлɵт. Ал эми ʏйʏнʏзгɵ конок келсе, ашкабак салатын даярдасаныз дасторконунузга кɵрк гана бербестен сиздин мыкты кожойке экениниздин далили боло алат.
Ашкабак салат.
300г ашкабак,
200 г тʏрп,
1 баш пияз,
100г сметана,
1 чымчым
калемпир,
татым туз,
2 жумуртка.
Ашкабакты тузу ɵткʏр сууга бышырып, кабыгын аарчып,сʏйрʏ туурайт.Тʏрптʏ аарчып чийдей ичке туурап туз сээп коет. Пиязды майда туурап койгон сон, ʏчɵɵнʏ кошуп сметана (каймак) куюп аралаштырып ылайыктуу идиштерге салган сон, ʏстʏнɵ 1 кашыктан дагы бир ирет сметана куюп, калемпир себилет. Аарчылган 2 даана жумуртканы тɵрткɵ жара тилип эн ʏстʏнɵ коюп, ашкɵк менен фантазиянызга жараша кооздоп коесуз.
Даярдаган: Айсулуу Нурматова